ӨКМ чек арада кезек күткөн 750 айдоочуга тамак-аш таратты. Видео

Жазылуу
"Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайында кезек күткөн айдоочуларга ысык тамак-аш берилген

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кыргыз-казак чек арасында кармалып турган айдоочуларга акысыз тамак-аш таратылды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда бүгүн, 28-октябрда, Чүйдөгү "Ак-Тилек" жана Таластагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайында кезек күткөн айдоочуларга ысык тамак берилген.

Министр экономики Кыргызстана Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан
Новиков чек арадан жапа чеккен ишкерлердин чыгымы эсептелип жатканын айтты
"Жалпысынан 750 киши өзөк жалгады. Бул кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жана сууктун түшүшүн эске алуу менен уюштурулду", — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мындан эки күн мурун президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп турган айдоочуларга тамак уюштуруу үчүн бир миллион сом бөлгөн. Ошондой эле ал каражаттын эсебинен дары-дармектерди алуу да пландалган.

ӨКМдин 28-октябрга карата берген маалыматы боюнча "Ак-Тилекте" 428, "Чалдыбарда" 17, "Ак-Жолдо" 13 жүк ташуучу жана 19 жеңил машина "Чоң-Капкада" 120 оор жүк ташуучу жана 30 жеңил унаа кезекте турат.

Чек ара бекеттеринде 17 чатыр тигилип, ӨКМ кызматкерлери, Тез жардам кызматы, ИИМ кызматкерлери нөөмөттө турууда. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары ысык-тамак аш менен камсыздап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0