Россиядан КРге келе жаткан 100дөй унаа Казакстандан өтө албай турат. Видео

Жазылуу
Айдоочулардын бири Алексей Зеленский чек арадагы тоскоолдуктар кыргызстандыктар үчүн гана болуп, башка өлкөнүн унаалары кадимкидей эле өтүп жатканын айтууда.

Вывоз товара с овощебазы Новые Черемушки в Бирюлево - Sputnik Кыргызстан
Ошондо ким жылаңач калды? Кыргызстан Казакстанды эмне менен камсыздайт
Россиядан Кыргызстанга жүк алып келе жаткан унаалар Казакстандын чек арасынан өтө албай турушат. Бул тууралуу эки өлкөнүн чегинде турган айдоочулардын бири Алексей Зеленский Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал Россиянын Оренбург жана Казакстандын Ак-Төбө облустары менен чектешкен көзөмөл өткөрүү бекетинде эки күндөн бери турат.

"Биз Россиядан Кыргызстанга дары-дармек жана элдик керектөөчү товаларды ташыйбыз. Өткөрмө бекетинде кыргызстандык жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилип бир жумадан бери өтө албай туруп калдык. Мындан улам чек аранын Россия тарабында кезек күткөн унаалардын саны 100гө чукулдады", — деди Зеленский.

Ошондой эле ал чек арадагы тоскоолдуктар кыргызстандыктар үчүн гана болуп, башка өлкөнүн унаалары кадимкисиндей өтүп жатканын белгиледи.

"Мындан улам бардык машиналар 50 чакырым бери жактагы унаа токтотуучу жайга кайтып келгенбиз. Бир аз мурун эле кыргызстандык унааларды өткөрүп жатыптыр деген маалыматты келди. Аны текшерип көрүүгө үч машинаны жибердик. Эгер алар өтүп кетсе биз дагы жолго чыгабыз", — деди айдоочу.

Мындан сырткары, Зеленский ушул тармакта 15 жылдан иштеп жүрүп, бирок бир да жолу мындай учур болбогонун кошумчалайт.

Ыктыярчылар чек арадагы фура айдоочуларын өзөк жалгатып жатат. Видео - Sputnik Кыргызстан
Ыктыярчылар чек арадагы фура айдоочуларын өзөк жалгатып жатат. Видео
Эскерте кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаевдин Нурсултан Назарбаевдин дарегине айтылган кескин сынынан кийин курчуган. Кечээ, 18-октябрь күнү, Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Казакстанга барган. Ал жактан премьер-министрлердин, министрликтердин, ведомство жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде эки өлкөнүн чек арасынан өтүү боюнча макулдашуу түзүлдү.

Ага ылайык, 19-октябрда саат 00:00дөн тарта казак-кыргыз чек арасынан жөнөкөй адамдардын, жеңил автоунаалардын, бош ири унаалардын ары-бери эркин катташы биринчи орунга коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0