Көз жоосун алган алтын, күмүш буюмдар кантип жасалат? Видео

Жазылуу
"Кыргызалтын" ААКтын ювелирдик цехи 1994-жылдын февралында ачылган. Учурда бул жерде төрт зергер иштейт

Азем буюмдар негизинен 750чи жогорку жана 585чи кадимки пробадагы алтындан жасалат. Ал эми күмүш шакек-сөйкөлөр үчүн 925чи жана 916чы пробадагы металл колдонулат. Идиш-аякты 875-пробадагы күмүштөн жасашат.

Бир айда зергерлер алтын жана күмүштөн миңден ашык түрдүү буюмдарды чыгарат. Өзгөчө тапшырык менен кайталангыс буюмдарды жасатып алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0