00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
15:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Как приобрести собственное жилье в ипотеку – самое важное об условиях ГИК
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстандын азык-түлүк индустриясын ирилештирип, ЕАЭБ рыногун ээлөө мүмкүнчүлүгү жогору
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В Кыргызстане хотят запретить ряд опасных пестицидов: какие альтернативы есть у фермеров?
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Коомдогу жан дүйнө кемтиги эмнеден улам пайда болот?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
По следам истории
Исторические связи кыргызов и калмыков в эпосе “Манас”
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Уулум, кечир, ката менден кетти..." Бөлөсүнө күйөөгө чыгып, балдары майып төрөлгөн эне

Жазылуу
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кара-Дөбө айылынын 57 жаштагы тургуну Өлмас Турсунбаева бөлөсүнө турмушка чыккандыктан, эки баласы майып төрөлгөн.

Каармандын 31 жаштагы уулу Мирбек Көчкөнбаев менен 30 жаштагы кызы Бүүсана Көчкөнбаева бала кезинен шал оорусуна чалдыгып, өз алдынча баса алышпайт. Турсунбаева аларды жаш балача жонуна көтөрүп, тосуп, тамактандырып келет. Эне үчүн бул оор түйшүк көнүмүш адатка айланган.

"Уул үйлөп, небере багайын деген тилектерим аткарылбай калды. Себеби жолдошум экөөбүз жакын тууган болгондуктан, каныбыз дал келбей эки балабыз тең майып төрөлүп калды. Дарыгерлер "мындан аркы балдарыңар дагы майып төрөлөт" дегендиктен жолдошум менен ажырашып, ата-энемдин үйүнө баса бергем", — деди Турсунбаева.

Анын айтымында, жолдошу кийин башкага үйлөнүп, эки баланын атасы болгон. Ал эми Турсунбаева үй-бүлөлүү эркекке экинчи аял болуп тийип, Айкөл аттуу кыздуу болгон. Ал учурда Ош медициналык колледжинин 3-курсунун студенти.

Турсунбаева өз сөзүндө жакын тууган-туушкандар менен баш кошуудан баш тартуу керек экендигин айтып, ыйламсырай уулунан кечирим да сурап алды.

13-летняя Айчурок Сулайманова - Sputnik Кыргызстан
Баштык чогулткан Айчүрөк: окуюн дейм, бирок апам менен бөбөгүмдү ким багат?..
"Уулум, менден деле катачылык кетти окшойт. Ошон үчүн силерди таштабайм да. Ажырашканда да "силерди таштабайм" деп сөз бергем. Эми менден көрбө, баары Алланын буйругу", — деп эненин жүрөгү эзиле көзүнө жаш алды.

Шал оорусуна чалдыккан Мирбек менен Бүүсана баса да, сүйлөй да албайт.

Оор турмушка кабылган айылдашына боору ооругандар учурда каражат топтоп, үч бөлмөлүү үй салуу демилгесин колго алышты… Ал эми эки баласын багуудан колу бошобогон Турсунбаева пенсиясы менен жөлөк пулдун (баары 10 миң сом) эсебинен күн кечирип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0