Ошто үч машина арак-шарап талкаланды. Видео

Жазылуу
Оштун Жапалагында мындан ары арак-шарап сатылбай турган болду.

19-июлда Жапалак айыл өкмөтүнүн тургундары айылдын дүкөндөрүндө сатылып жаткан жалпы баасы жарым миллион сомго тете спирт ичимдиктерин атайын үч машинага жүктөп келип жок кылышты.

Айыл тургуну Талант Кадыровдун айтымында, мындай чечим аксакалдар соту, айыл өкмөтү жана эл менен чогуу кабыл алынган.

14-июлда Жапалакта 83 жаштагы абышка кемпирин сайып жиберип, ал каза тапкан. Кийин ал кырсык учурунда кызуу болгондугун айткан.

"Ичип алган элем. Ачуумду токтото албай стол үстүндѳгү бычак менен кулак түпкѳ сайып жибергем. Кемпирим кыйкырган боюнча эшикке качып чыкты эле", — деп милицияга түшүндүрмѳ берген.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергѳѳ жүрүп жатат. Кылмышка шектүү Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайында отурат.

Белгилей кетсек, буга чейин да Кыргызстандын бир катар аймактарында айылда арак сатууга каршы акциялар өтүп, арак-шараптар жок кылынган. Бирок мындай аракеттен майнап чыкпаганын жергиликтүү эл белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0