Сүзө киргизилген гол. Кыргызстандык команда атаандашын кантип утту

Жазылуу
28-март күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Макао командаларынын беттеши өтүп, улуттук курама атаандашын 1:0 эсебинде утуп алды.

Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык футболчулардын жеңиши сүрөттө
Оюн Кыргызстандын командасы үчүн Азия кубогу-2019 турниринин тандоо турунун алкагындагы алгачкы беттеш болду

Биринчи таймда кыргызстандык футболчулар бир топ оңтойлуу учур түзүлгөнүнө карабастан, топ киргизе алган эмес. Экинчи таймда чабуулун улантып, 72-мүнөттө Азамат Байматов абадан келе жаткан топту башы менен сүзүп дарбазага киргизген

Кыргызстандын курама командасы квалификациялык оюндарда Индия, Мьянма жана Макао мамлекеттеринин командалары менен А тайпасына туш келген. Ар бир тайпадан мыкты деп аталган команда Араб Эмирлигинде өтө турган турнирдин финалдык беттешине жолдомо алат. 12 команда буга чейин финалга чыккан 12 командага кошулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0