БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы макаолук атаандаштарын 1:0 эсебинде утуп алды.
Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Бул Кыргызстандын командасы үчүн Азия кубогу-2019 турниринин тандоо турунун алкагындагы алгачкы беттеш.
Биринчи таймда кыргызстандык футболчулар бир топ оңтойлуу учур түзүлгөнүнө карабастан, топ киргизе алган эмес. Экинчи таймда чабуулун улантып, 72-мүнөттө Азамат Байматов абадан келе жаткан топту башы менен сүзүп дарбазага киргизген.
Кыргызстандын курама командасы квалификациялык оюндарда Индия, Мьянма жана Макао мамлекеттеринин командалары менен А тайпасына туш келген. Ар бир тайпадан мыкты деп аталган команда Араб Эмирлигинде өтө турган турнирдин финалдык беттешине жолдомо алат. 12 команда буга чейин финалга чыккан 12 командага кошулмакчы.