Өзбекстан полигонундагы машыгуу чек арага жакын кыргыз айылындагыларды кооптондурууда

Жазылуу
Кадамжай районунун Ынтымак айылынын жашоочулары Өзбекстандын аскердик машыгуу талаасындагы атылган октордун добушу аларды кооптондуруп жатканын билдиришти. Жергиликтүү бийлик полигон Өзбекстандын аймагында жайгашкандыктан маселе өкмөттүк деңгээлде каралышы керектигин айтууда.

Кадамжай районунун тургуну Келдибек Осмонов полигондогу машыгуу учурундагы куралдардын атылышы айыл тургундарынын тынчын алып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Өзбекстандын машыгуу талаасы биздин айылдан 300 метр алыстыкта жайгашкан. Кубаттуу аскер куралдары атылганда үйлөрүбүз титиреп кетет. Кош кабат аялдардын боюнан түшүп калууда", — деди Осмонов.

Учения и показные занятия для военнослужащих КР - Sputnik Кыргызстан
Машыгуу: чек арачылар көзөмөл өткөрүү жайына кол салгандарды жок кылды
Ынтымак айылынын экинчи тургуну Садыбакас Гапаров дагы бир көйгөй деп белгилеп, чек арадан өтүп кетип жаткан малды кайра кайтарып алуу кыйынга туруп жатканын белгиледи.

"Биздин айылга чек ара статусу берилиши керек. Канчалаган мал-жан чек арадан өтүп кетип, аларды кайра кайтара албай жатабыз", — деди Гапаров.

Ал эми Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаровдун айтымында, машыгуу талаасын башка жакка жылдыруу жергиликтүү бийликтин колунан келе турган иш эмес.

"Аталган полигон Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Ошондуктан бул маселени өкмөттүк деңгээлде чечүүгө туура келет. Ал эми айылга чек ара макамын берүү боюнча сунуш өкмөткө берилген", — деди аким.

Белгилей кетсек, Кадамжай району Өзбекстандын бир шаары жана төрт району менен чектешип, чек аранын узундугу 250 чакырымды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0