Москванын чок ортосунда 16-июнь күнү такси кызматынын айдоочусу жөө адамдарды коюп кеткен. Кийинчерээк андан кыргыз паспорту табылып, кырсыкка кириптер болгон адам Кыргызстандын жараны Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган. Алдын ала маалымат боюнча ал руль башкарып бара жатып уктап кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголду.