Бишкектеги музейде "Феминале" көргөзмөсү болуп, андагы жылаңачтанган кыздардын жоругу коомчулукта катуу сынга алынган.
Баяндамачы депутат Махабат Мавлянова экономиканын туруктуу өсүшү үчүн ушул мыйзам долбоорун иштеп чыгышканын билдирди.
"Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова парламентте балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жатакана курууну сунуштады.
Депутат бул компания калкка берилген насыядан 2, 4 пайызга чейин маржа алып жатканын айтып, кыйналган элди ого бетер кыйнап жатканын белгиледи.
Ушу тапта иштөө үчүн лицензия ала албай, 1500дөй жүк ташуучу унаа (ар биринде 2-3төн айдоочу) токтоп турат. Буга кошумча Бишкекте эле 1000ге чукул маршруттук такси уруксат ала албай иштеп жатканы аныкталды. Айдоочулардын лицензия ала албай жатканына мыйзамдагы мүчүлүштүк себеп болууда.
ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү, депутат Махабат Мавлянова "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамында кабыл алынган "Ачык асман" долбоору жүргүнчүлөргө чет мамлекеттерге Бишкектен түз каттамдар аркылуу анча кымбат эмес учууга шарт түзөрүн айтты.
Депутат айрым кишилер сөгүнүп-сагынга чейин барып, анын кашыктап чогулткан ар-намысын бир күндө жер менен жексен кылууга аракет кылганын айтты.
Кутман таң, жакшы жатып жай турдуңузбу?
Депутат Махабат Мавлянова Кытайдын туристтери үчүн визасыз режим киргизүү боюнча айткан сунушун кайрадан түшүндүрдү. Эл өкүлү менен Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу баарлашкан.
Эл өкүлү кытайлык туристтер Россия менен Казакстанга 15 жылдан бери визасыз кирип жүргөнүн айтты.
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова учурда ар бир мектептин өз алдынча формасы бар экендигин айтты.
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова окуучулардын гаджеттерге болгон кызыгуусу биринчиден алардын ден соолугуна зыян экенин айтты.
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова балдар үйүндө тарбияланып жаткандарга төмөнкү сорттогу тоок эти берилип жатканын айтты
Махабат Мавлянованын өмүр баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуздар
Документтин автору окуучу кыздарга кыска, денеге чапташкан кийим кийүүгө дагы бөгөт коюуну демилгеледи
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова балдардын укугу мыйзамда жакшы корголгону менен иш жүзүндө башкача болуп жатканын айтты
Учурда таштанды таштагандар боюнча жергиликтүү органдар гана текшерүүгө укуктуу.
Эл өкүлү Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине, КР ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, коомдук талкууга алып чыкты.
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине, КР ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи.