Эркин күрөш балбандары Россиядагы эл аралык ири мелдешке катышат. Тизме

© Sputnik / Владимир АстапковичЭркин күрөш балбандары. Архив
Эркин күрөш балбандары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Жазылуу
Курамда 15 балбан бар. 2019-жылы 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болгон Улукбек Жолдошбеков да баратат.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш балбандары Дагестандын (Россия) Хасавюрт шаарында өтүүчү XIX-XX кылымдын атактуу балбандарынын элесине арналган эл аралык мелдеште таймашат. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш 9-декабрда башталып, 13-декабрга чейин созулат. Кыргызстандык спортчулардын тизмеси:
57 килограмм салмакта:
  • Алмаз Сманбеков
  • Абдумалик Карачов
  • Тунгуч Арстанбек уулу
  • Бекзат Алмаз уулу
61 килограмм салмакта:
  • Улукбек Жолдошбеков
65 килограмм салмакта:
  • Икромжон Хаджимурадов
  • Азамат Кенжебек уулу
70 килограмм салмакта:
  • Алибек Осмонов
  • Айбек Токтогул уулу
  • Орозобек Токтомамбетов
74 килограмм салмакта:
  • Исламбек Орозбеков
  • Стамбул Жаныбек уулу
79 килограмм салмакта:
  • Арсалан Будажапов
86 килограмм салмакта:
  • Давлет Рысбек уулу
125 килограмм салмакта:
  • Музафар Жаппуев
Балбандарды машыктыруучулар Улан Надырбек уулу менен Ойбек Насыров жетектеп барат.
Жаңылыктар түрмөгү
0