"Алтын топ — 2020" сыйлыгы Левандовскиге берилеби? France Football ойлонуп жатат

© REUTERS / BENOIT TESSIER"Алтын топ — 2021" сыйлыгы
Алтын топ — 2021 сыйлыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
Көптөгөн күйөрмандар, атактуу футболчулар Роберт Левандовски быйыл футбол дүйнөсүндөгү эң престиждүү жеке сыйлыкты албай калганына нааразычылыктарын айтышкан.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. France Football журналынын башкы редактору Паскаль Ферре "Алтын топ — 2021" сыйлыгынын жыйынтыгы тууралуу оюн айтып, 2020-жылы бул сыйлык тапшырылбай калганын мойнуна алганын Eurosport жазды.
Ал мындай ойго быйыл сыйлыкты тапшыруу аземинде жеңүүчү Лионель Мессинин сөзүнөн кийин келген. Аргентиналык футболчу "Алтын топ — 2020" сыйлыгын Германиянын "Бавария" клубунун польшалык оюнчусу Роберт Левандовскиге берүүнү сунуштаган.
Эске салсак, былтыр аталган сыйлык берилбей калган. Дал ошол 2020-жылы чабуулчунун жылдызы жанып, клубу менен бир катар мелдештерди, анын ичинде УЕФАнын Чемпиондор лигасын уткан болчу. Ал турнирде Левандовски эң көп гол киргизген мыкты бомбардир да болгон.
"Месси эң жакшы жана өтө маанилүү сунуш айтты, бирок бул жерде шашылыш чечим кабыл алынбашы керек. Албетте, биз бул маселенин үстүндө ойлонобуз. Ошол эле учурда ачык-айкын тандоого негизделген бул сыйлыктын тарыхын урматтоого тийишпиз. Өткөн жылы "Алтын топту" Левандовски утту деп ишенимдүү айта албайбыз. Анткени эч кандай тандоо, добуш берүү болгон эмес. Бирок, чынын айтсам, Левандовски алышы мүмкүн болчу. Былтыр жеңүүгө анын мүмкүнчүлүгү бар эле", — деген Ферре.
Казакстандын Кайрат футбол клубунда ойногон кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун "баасы" бир миллион еврого чыкты
Көптөгөн күйөрмандар, атактуу футболчулар "Бавариянын" жана Польша курама командасынын чабуулчусу Роберт Левандовски быйыл футбол дүйнөсүндөгү эң престиждүү жеке сыйлыкты албай калганына нааразычылыктарын айтышкан.
Эске салсак, быйыл франциялык ПСЖ футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгын алды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен ал Роберт Левандовскиден 33 упай ашып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0