17:05 20 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7931
  • EUR98.5847
  • RUB1.1933
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
357 0 0

Мушкер кыз Шевченко эки аптадан кийин чемпиондук наамын коргоо үчүн кезектеги беттешине чыгат. Бу сапар атаандашы 37 жаштагы америкалык спортчу болмокчу.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. UFC уюмунун кыз-келиндер дивизионунун жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко титулун коргоо үчүн кезектеги беттешине даярданып жатат.

Анын атаандашы учурда удаасы менен беш жеңишти камсыздап келген 37 жаштагы америкалык Лорен Мерфи болмокчу. Беттеш 25-сентябрга белгиленген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Шевченко эркектер арасында эң жеңил салмактын чемпиону, мексикалык Брэндон Морено менен чогуу машыгууда. Мушкер кыз чемпион менен чогуу машыккан сүрөттөрүн Instagram баракчасына жарыялады. Анда кыргызстандык атлеттин командасы менен кошо Морено да турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Мексикалык мушкердин келерки беттеши декабрга белгиленген.

33 жаштагы Шевченко акыркы кармашында эң жеңил салмактын экс-чемпиону, бразилиялык Жессика Андрадени утуп, UFC уюмунун чемпиону наамын бешинчи ирет коргогон.

Тема боюнча

Валентина Шевченко кайрадан World MMA Awards сыйлыгына көрсөтүлдү
Эстен тандыра муунтуп. UFC жай айындагы мыкты сабмишендердин видеосун чыгарды
Чимирилип тээп, жыга чаап. UFC жай айындагы нокауттардын видеосун чыгарды
Белгилер:
АКШ, Валентина Шевченко, машыгуу, чемпиондук наам, коргоо, Брэндон Морено

ЭҢ МААНИЛҮҮ