Тай казандан секирген БТР! Нурдиндин улакты кан дүргүтө салган видеосу

© пресс-служба ГАМФКиСЧемпионат КР по кок-бору в Оше
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Кызыктуу учур көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдеште "Ай-Тамга" — "Көк-Жал" командаларынын таймашында болду.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Көк бөрү боюнча өлкөнүн биринчи лигасында ойногон "Көк-Жал" командасынын оюнчусу Нурдин Болотбеков БТР аттуу аргымагы менен буллиттен керемет салым жасады. Мындай окуя Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдеште "Ай-Тамга" — "Көк-Жал" командаларынын таймашында болду.

Кызыктуу учурдун видеосун көк бөрү спортуна байланышкан бир катар спорттук пабликтер жарыялашты. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от КOK-BORU KG 🇰🇬 (@kokboru_kg)

"Көк-Жалдын" оюнчусу Нурдин Болотбеков буллит ыргытканы чыккан. Анын желдей ылдамдыкта келген БТР аргымагы тай казанга чукул калып, үстүнөн секирип өткөн. Бул учурда оюнчу улакты чеберчилик менен көздөгөн жерге таштап жетишкен.

Биринчи лигада өнөр көрсөткөн бул командалар бүгүн, 24-августта, биринчи оюнда кез келишти. Негизги бөлүк 3:3 тең эсеп менен аяктаган. Буллиттин жыйынтыгында "Ай-Тамганын" улакчылары таамай ыргытып, жеңишти илип кетишкен.

Эске салсак, азыр биринчи лиганын командаларынын тайпалык беттештери өтүүдө. Анын жүрүшүн "КТРК-Спорт" каналы түз алып көрсөтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0