Кыргызстандык жаш футболчу Европада ойномой болду

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын оюнчусу, 18 жаштагы Адилет Каныбеков. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын оюнчусу, 18 жаштагы Адилет Каныбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Буга чейин 18 жаштагы футболчу Адилет Каныбеков Түркиянын "Бешикташ" жаштар командасында ойноп келген болчу.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын оюнчусу, 18 жаштагы Адилет Каныбеков европалык команданын курамына чакырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматынан билдиришти.
Каныбеков прагалык "Дукла" (Чехия) клубунун жаштар командасында ойнойт. Чехия командасынын спорттук директору Ян Станек кыргызстандык спортчуда футболчуга тиешелүү бардык сапаттар бар экенин айтты.
"Техникасы мыкты, топту жакшы башкарат. Анын улуту жана биздин оюнчуларга салыштырмалуу башка футболдук стилде “чоңойгону” аны баарынан айырмалап турат. Мына ушунусу менен кызык. Үчүнчү лига башталса, биздин команданын курамында футбол талаасына чыга баштайт”, — деди Станек.
Буга чейин Каныбеков Түркиянын "Бешикташ" жаштар командасында ойночу.
Жаңылыктар түрмөгү
0