Бишкекте дзюдо боюнча Азия чемпионатын өткөрүү даярдыгы талкууланды

© Sputnik / Табылды КадырбековДзюдо боюнча мелдештеги спортчу. Архив
Дзюдо боюнча мелдештеги спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамагенттиктин 2021-жылдагы республикалык жана эл аралык мелдештер боюнча календарлык планына ылайык, аталган турнирди 5-10-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөрүү каралган.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бүгүн, 28-январда, дзюдо боюнча Азия чемпионатын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети жыйын курду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мамагенттиктин башчысынын орун басары Канатбек Арпачиев жетекчилик кылган уюштуруу комитетинин мүчөлөрү Бишкекте 2021-жылдын апрелине пландалган мелдешке карата даярдыктарды талкуулашты.
Эл аралык маанилүү мелдешти Кыргызстанда өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алууда өлкөдөгү спорт боюнча федерациянын эмгеги зор экенин белгиледи. Арпачиев мындай деңгээлдеги мелдешти уюштуруу, өзгөчө пандемия учурунда өткөрүү чоң жоопкерчиликти талап кыларын айтты.
"Бул иш-чара спорт коомчулугу үчүн чоң мааниге ээ экендиги талашсыз. Ошондуктан биздин алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Биз бардык санитардык нормаларды так сактоо менен мелдешти жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек", — деген ал.
Дзюдочулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатына Ысык-Көлдө даярданышат
Жыйынга олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов жана өлкөнүн Дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев катышты.
Мамагенттиктин 2021-жылдагы республикалык жана эл аралык мелдештер боюнча календарлык планына ылайык, аталган турнирди 5-10-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөрүү каралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0