Ноябрдын соңунда Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты өтөт

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСБокс боюнча Кыргызстандын чемпионаттын катышуучулары. Архив
Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаттын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионат жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама командаларды түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Спорттук таймаш 24-28-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болмокчу.

"Чемпионат жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама командаларды түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана өлкөнүн жаштарынын арасында боксту популяризациялоо максатында өткөрүлүп жатат", - деп билдиришти аталган агенттиктен.

Мелдеш АИБА эл аралык уюмдун эрежелери менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда өткөрүлөт.

Мелдештердин программасы:

  • 24-27-ноябрь күндөрү – алдын ала беттештер, чейрек финал, жарым финал;
  • 28-ноябрь – финал
Жаңылыктар түрмөгү
0