16:58 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
1708 0 0

Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтына кыргызстандык балбан күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону атыкканы маалымдалды.

БИШКЕК, 22-фев. – Sputnik. Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту.

​Спортчу 79 килограмм салмак категориясында индиялык каршылашы Балян Гурав менен финалда беттешип, 7:5 эсебинде жеңишке жетти.

Натыйжада Гурав күмүш, ирандык Али Бахтияр Савадкухи менен япониялык балбан Шинкичи Окуиге коло медаль буйруду.

Ушул эле чемпионатта эркин күрөш бонча кыргызстандык дагы эки балбан - Бекболот Мырзанар уулу (57 килограмм) менен Исламбек Орозбеков (70 килограмм) коло медаль тагынышты.  

Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. 18-февралда башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат. Чемпионаттын программасында грек-рим, кыз-келиндер арасындагы жана эркин күрөш боюнча кармаштар өтөт.

Тема боюнча

Белинен кармап оодарып салды. Тыныбекованын Индиядагы жеңишинин видеосу
Белгилер:
Кыргызстан, Индия, Азия чемпионаты

ЭҢ МААНИЛҮҮ