БИШКЕК, 22-фев. – Sputnik. Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту.
Budazhapov (KGZ) clinches the 79kg title in a competitive match with Gourav (IND) 🇰🇬🔥
— United World Wrestling (@wrestling) February 22, 2020
______#uww #unitedworldwrestling #wrestlingislife #wrestling #olympicwrestling #wrestle #wrestlingnews #koshti #wrestler #restlenewdelhi #kushti pic.twitter.com/pwxVMnSlAT
Спортчу 79 килограмм салмак категориясында индиялык каршылашы Балян Гурав менен финалда беттешип, 7:5 эсебинде жеңишке жетти.
Натыйжада Гурав күмүш, ирандык Али Бахтияр Савадкухи менен япониялык балбан Шинкичи Окуиге коло медаль буйруду.
Ушул эле чемпионатта эркин күрөш бонча кыргызстандык дагы эки балбан - Бекболот Мырзанар уулу (57 килограмм) менен Исламбек Орозбеков (70 килограмм) коло медаль тагынышты.
Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. 18-февралда башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат. Чемпионаттын программасында грек-рим, кыз-келиндер арасындагы жана эркин күрөш боюнча кармаштар өтөт.