17:37 21 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7000
  • EUR77.3008
  • RUB1.1268
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
2171 0 0

Бул эл аралык федерациянын каарына калган биринчи учур эмес. 2015-жылы трибунага эл батпай, күйөрмандар от жагып, талаага чуркап чыккандан кийин улуттук федерация 28 миң долларлык айыпка жыгылган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) тартип комитети Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Мьянманын беттешинде талаага чуркап чыккан күйөрмандын окуясы үчүн КРдин Футбол федерациясына кат түрүндө эскертүү берди.

Фанат оюн талаасына чуркап чыккан мелдеш 10-октябрда болгон. Беттеш улуттук команданын пайдасына 7:0 эсеби менен аяктаган. Эреже бузган адамды милиция кармап, майда-барат бейбаштык үчүн өндүрүштүк ишин баштаган.

Тартип комитети окуяны карап жатканда төмөнкү факторлорду эске алган:

  • Комиссар жана коопсуздук офицери Кыргызстан менен Мьянманын мелдешинин уюштурулушу боюнча отчётунда жакшы пикирлерин билдиришкен;
  • Кыргызстан 14чү жана 19-ноябрда өткөн мелдештерге мыкты даярдык көргөн;
  • КРдин Футбол федерациясынын уюштуруу комитетине жана ага аралашкан түзүмдөргө жогору баа берилген;
  • Өлкөнүн Футбол федерациясы эл аралык федерацияга окуя боюнча катуу чараларды көрбөөнү өтүнгөн.
"Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен тартип комитети КРдин Футбол федерациясына мындай окуялар келечекте кайталанбасын деп кат түрүндө эскертүү берди" — деп айтылат маалыматта.

КРдин Футбол федерациясы мелдештерди уюштурууда анын сапатына басым жасоону, коопсуздукту бекемдөөнү жана коомдук тартипти сактоону убадалады.

Бул эл аралык федерациянын каарына калган биринчи учур эмес. 2015-жылы трибунага эл батпай, күйөрмандар от жагып, талаага чуркап чыккандан кийин улуттук федерация 28 миң долларлык айыпка жыгылган. Ал аз келгенсип, оюнду көрүү үчүн стадионго кире албай калгандар айланасындагы бак-даракка да чыгып алышканы маалым.

Тема боюнча

Япониянын жеңишинен кийин F группасында кандай өзгөрүү болду? Таблица
Кыргыз-тажик оюнчуларынын беттешинен кийин тайпадагы рейтинг кандай өзгөрдү?
Белгилер:
чечим, күйөрман, футбол, FIFA, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ