00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Стройка будущего: Бишкек принял международную выставку строительных технологий
16:34
24 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
18:11
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Стоп-кадр
КМШ, Балтика жана Грузия Бишкекте чогулуп, мыкты кыска метраждуу тасмаларды аныктады
19:09
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
20:10
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аптыга чуркап "атасын" кучактаган Айсулуу, айтып бергис эмоция! Фотофакт

Жазылуу
Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында биринчи жолу алтын байге утуп, биринчи ирмемдердеги кубанычын машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен бөлүштү.

Аптыгып чуркап барып, толкунданып, ыйлап, кубанычтын көз жашы ыргып...

Ата-баладай болуп калган спортчу менен машыктыруучусунун тарткан түйшүгү, төккөн тери, кылган мээнети сырттан карап тургандарга сезилбегени менен өздөрүнө гана маалым. 

© Sputnik Кыргызстан, Фото / Facebook / United World Wrestling / Kadir CaliskanБелгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен
Аптыга чуркап атасын кучактаган Айсулуу, айтып бергис эмоция! Фотофакт - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен

Айсулуу жеңишти кара тери, өжөрлүгү менен акыркы 20 секундада атаандашы дүйнө чемпиону болгариялык Тайбе Юсейнден тартып алды. 3:3 эсеби көптөрдүн демин ичине тарттырып, экрандан, килемден көз айырттырбай турду. Акыры атаандаштын далысы жерге да тийди, ошол ирмемде жеңиштин тагдырын өлчөп тургансып таймаштын акыркы коңгуроосу да кагылды.

Айсулуу Тыныбекова түйшүктүү ашуу болгон Олимпиадага сапар алып, дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Ушул күнгө да жеттик! Тыныбекованын жеңишинен кийинки сөзү видеодо - Sputnik Кыргызстан
Бул күндү 10 жыл күткөм! Тыныбекованын жеңишинен кийинки видеосу
Балбан кыз тердеп да, күйүгүп да атаандашы менен алышып, акыры далысын килемге тийгизгенде ары жакта жанын коёрго жер таппай турган Нурбек Изабековдун кубанып, толкунданып, колдорун көккө көтөрүп алакан чаап жаткандыгын көрүүгө болот. Камера дал ошол ирмемдерде саяпкер-машыктыруучуну да, спортчу-кызды да тартып алыптыр. Бир дем, бир күч, бир кубаныч. Ата менен баланын толкундоосу сыяктуу. Экөөнүн тең көккө сунулган колдору, жеңиштин даамы...

Атаандашын жыккан Айсулуу тура жөнөп, машыктыруучу менен кубанычын, толкундоосун күйүгүп, аптыгып (балким, көз жашы да агып кеткендир) бөлүшүп, кучактап, чап секирди. Алар эмес, бери жакта экрандан тиктеп тургандардын да чолок жашы ыргып кетсе керек.

Айтор, Айсулуу өзү айтмакчы, алардын он жыл күткөн үмүтү орундалды.

"Буга машыктыруучум менен он жыл бою аракет кылдык. Мына ошол күнгө да жеттик!" — деген ал.

Социалдык тармак бул жеңиште Тыныбекованы Тыныбекова кылган машыктыруучуну да ардактап, сыйлоону унутпаш керектигин жазып жатышты.

Бул сүрөткө жазылчу текст ушундай. Саяпкери жарашса тулпарга туяк жетилет демекчи, бул Изабековдун эмгегинин акыбети.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0