Кыргызстандын футбол командасы жаңы формалуу болду. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстаднын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстаднын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук экипировкада ашыкча өң, элементтер жок.

БИШКЕК, 14 дек — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы менен спорттук кийимдердин испаниялык Joma бренди улуттук команданын жаңы формасын көрсөттү. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ФФКРНовая форма национальной сборной а Кубке Азии — 2019
Новая форма национальной сборной а Кубке Азии — 2019 - Sputnik Кыргызстан
Новая форма национальной сборной а Кубке Азии — 2019

Билдирмеге караганда, улуттук команда бул форманы кийип 2019-жылы Азия кубогунда ойнойт.

"Минимализмге акцент жасалды. Үйдө ойной турган форма кызыл түстө (кайраттуулук, эрдиктин белгиси) болуп ашыкча түстөр жок. Болгону тигинен кеткен сызыктар бар. Башка өлкөлөрдө кийилүүчү экипировка ак түстө (биримдик жана салттын символу). Туурасынан кеткен чийиндер бар", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы форма сатыкка чыкты.

Азия кубогу 2019-жылы 5-январда БАЭде башталат. Кыргызстандын командасы С тобуна кирип, Түштүк Корея (7-январь, Аль-Айн), Кытай (11-январь, Аль-Айн) жана Филиппин (16-январь, Дубай) оюнчулары менен ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0