00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Женщины в бизнесе Кыргызстана: равные права или двойные барьеры?
12:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
13:04
25 мин
Күн башат
Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Продвижение идей Великого Турана — каковы цели Турции в ЦА?
18:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шевченко: өз акымдан сырткары корей кыздын акчасынан да алмай болдум

© Фото / Jeff SainlarКыргызстандык тайбоксчу, UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандык тайбоксчу, UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узаган ишембиде кыргызстандык Антонина Шевченко Америкадагы белгилүү UFC мушкерлер уюмунда (Ultimate Fighting Championship. — ред.) дебюттук кармашын өткөрүп, түштүк кореялык спортчу Жи Йон Кимди калыстардын чечими менен утуп алган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Антонина Шевченко менен учкай маек куруп, алдыдагы пландары, эмгек акысы жана спорт менен үй-бүлөнү айкалыштыруусу жөнүндө сурады.

— Беттешке канча убакыт бөлүп, атаандашыңызга карата кандай ыкмаларды ойлоп чыктыңыз?

Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко: турмушка чыгуу эч качан кеч эмес, бирок карьера күтпөйт
— Мелдешке сиңдим Валентина Шевченко менен биргеликте даярдык көрдүк. Экөөбүздүн кармашыбыздын айырмасы сегиз күн. Азыр биз Торонтонун Канада шаарындабыз. Дал ушул жерде бир тууганымдын чемпиондук кур үчүн кармашы өтөт. Акыркы эки айдагы машыгууну АКШнын үч штатында өткөрдүк. Башында Техаста, анан Лас-Вегаста, соңунда Мэн штатында болдук. Ар кандай залда күчтүү спарринг өнөктөштөр менен даярдандык. Адаттагыдай бизди устатыбыз Павел Федотов коштоп жүрдү.

Баарыңыздар билгендей, кореялык атаандашым таразага түшүү иш-чарасында менден 3 килограммдай оор болуп чыкты. Ал салмагын беттешке чейин 57 килограммга тууралашы керек эле. Мунун айынан Невада спорттук комиссиясы тарабынан кармаш үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Мелдешти болтуруу үчүн көптөгөн кагаз иштерин бүтүрүп, чуркаганга туура келди.

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРАнтонина Шевченко спортко кадам таштагандан бери Павел Федотовдун колунда машыгат. Сары чачтуусу бир тууган сиңдиси Валентина
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Антонина Шевченко спортко кадам таштагандан бери Павел Федотовдун колунда машыгат. Сары чачтуусу бир тууган сиңдиси Валентина

— Атаандаш менен үч раунд толук кармашкандан кийин калыстардын чечими менен жеңишке ээ болдуңуз. Мелдешти мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктоо планы болду беле?

— Каршылашың күчтүү болсо нокаут кылуу кыйын. Жий Йон Ким чабал мушкерлерден эмес. Мага салыштармалуу UFC уюмунда бир канча кармаш өткөргөн. Анткен менен турнирдин башынан аягына чейин мен үстөмдүк кылып, мыкты экендигимди көрсөтө алдым.

— Бул кармашта алган эмгек акыңыз канча болот? Эл аралык ЖМКлардан уюштуруучулар кореялык мушкер убагында салмагын тууралабаганы үчүн сизге гонорарынын 30 пайызын бериши керек деп айтканын окугам. Ушундай болушу ыктымалбы?

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу
— Ооба, дал ошондой. UFC уюму милдетин аткарбаган мушкерлерди ушинтип жазалайт. Айрым спортчулар эреже менен ойнойт. Маселен, салмагын атайын оор кылып беттешкиси келет. Себеби атаандаштан күчтүү, алдуу болуп, соккуларга туруштук бересиң. Акчасынын 30 пайызын жоготкону менен утуп алса, андан көп каражат алышат. Кошумча сыйлык да бөлүнөт. Корей кыздын да планы ушундай болгон. Менин спортто жүргөнүмө 25 жылдан ашты. Тажрыйба менен техника алда канча өйдө. Андыктан каршылаштын айла-амалы менден качып кутулууга жардам бербейт болчу.

— Алдыда эми кандай пландар бар? Кийинки беттеш качан болот?

— Азырынча белгисиз. Сиңдиме беттешине даярдык көрүүгө жардам берип жатам. Бирок ушуну менен токтоп калбай, мелдеш өткөрүүнү пландап жатам. 124 фунттагы (57 килограмм) дивизиондо мыкты жана жогорку көрсөткүчтөгү мушкерлердин катарын толуктасам дейм.

© Фото / Roger AllenШевченко: 57 килограмм салмактагылар арасында мыкты жана жогорку көрсөткүчтөгү мушкерлердин катарын толуктасам дейм
Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Шевченко: 57 килограмм салмактагылар арасында мыкты жана жогорку көрсөткүчтөгү мушкерлердин катарын толуктасам дейм

— Эки жума мурда UFC мушкери Рейчел Остович күйөөсү тарабынан сабалып ооруканага түшкөн. Сурайын дегеним, жеке жашоо менен спортту айкалыштыруу оор эмеспи? Бизге берген маегиңизде үй-бүлөлүү экениңизди жашырган эмессиз.

— Дүйнө жүзүндө эмнелер гана болбойт. Андыктан мушкер кыздын окуясы тууралуу пикиримди айтпай эле коеюн. Өзүм тууралуу айтсам, жеке жашоо менен спортту бирге алып кетүү кыйын эмес, баары сонун.

Антонина Шевченко быйыл Кыргызстанга эки ирет келген. Буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги мушкердин бала чагы, спорттук жолу жана кызыктуу окуялары тууралуу маек курган.

Жаңылыктар түрмөгү
0