ДКО салбуурунду кандай эрежеде өткөрөт? Бүркүт салуу, далба ойнотуу, тайган жарыш

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк тарыхчы, окумуштуулар куш салуу өнөрү Орто Азияда мындан 4000 жыл мурда пайда болуп, акырындык менен дүйнө жүзүнө тараганын белгилешет. Ал эми аңчы иттер жөнүндө кеп кылсак, андан дагы ары кетип, тарыхы таш дооруна барып такалат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Дене тарбия, жаштар иши жана спорт агенттиги менен биргеликте быйылкы Көчмөндөр оюндарына киргизилген спорттун түрлөрүнүн эрежелерин даярдоону улантат. Бул ирет аңчылыкка багытталган салбуурун оюну менен тааныштырабыз.

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
Салбуурун оюну кыргыздарда 20-кылымдын башында унутулуп жоголуп кеткен. Бирок грек-рим, эркин, кыргыз күрөшү боюнча бир нече жолку чемпиону, спорттун чебери Алмазбек Акуновдун жеке демилгеси менен эгемен тарыхта биринчи жолу 2006-жылы Ысык-Көлдө "Салбуурун" аталышында фестиваль уюштурулуп, Кыргызстан боюнча алгыр куш, тайган таптагандар жана кыргыз жаасын атууга кызыккандар чогулган. Ошол жылдан бери өлкөдө салбуурун фестивалы салттуу түрдө спорттук мелдешке айланып байма-бай өткөрүлүп өнүгүү жолуна түштү.

Жалпы эрежелер

Салбуурун — алгыр куш жана тайган салуу менен коштолгон кыргыз элинин комплекстүү аңчылык оюндары.

Мелдеш төмөнкү тартипте өткөрүлөт:

1. Бүркүт салуу

2. Далба ойнотуу

3. Тайган жарыш

I. Бүркүт салуу

Бүркүт салуу — бүркүт менен мергенчиликке чыгуу.

Команданын курамы – 4 адам, 1 жетектөөчү жана 3 мүнүшкөр (бүркүт менен мергенчи).

Оюндун эрежесине ылайык катышуучулар бүркүттөрүн "Чырга" жана "Үндөк" деген көнүгүүлөр менен сынашат. Жеңүүчү ушул эки мелдештин жүрүшүндө топтолгон упайлардын негизинде аныкталат.

"Бүркүт салуу" боюнча мелдеште катышуучуларга төмөнкүдөй талаптар коюлат:

— Ар бир катышуучу өзүнүн улуттук кийиминде чыгышы керек;

— Катышуучунун кушунун паспорту жана куштарга вакцинация жасалгандыгы тууралуу эл аралык сертификаты, СИТЕС Эл аралык ветеринардык уюмунан маалымдамасы болушу шарт.

Чырга

Эң көп байге уткан тайгандар. Карышкыр алган Бурганак, көркөмү келишкен Илгир - Sputnik Кыргызстан
Карышкырды карыштырып, көркөмү көз тайгылткан тайгандар. "Бурганак" жана "Илгир"
Бул жерде мүнүшкөр өзүнүн бүркүтүн ат менен чаптырып сүйрөп бараткан түлкүнүн терисинен жасалган муляжды көздөй багыттап коё берет. Талапка ылайык, бүркүт орто ылдамдыкта кетип бараткан муляжга учуп жетип, чапчып алат. Куштун учуудагы убактысы жана ылдамдыгы бааланат. Ушул көнүгүүнүн негизинде буркүттүн даярдыгы аныкталып, упай берилет. Белгилей кетсек, мергенчи бир бүркүткө бир эле чырга тартат.

Үндөк

Бул мелдеште бүркүт ээсинен 200 метр алыстыкта жайгаштырылат. Калыстын белгиси боюнча мергенчи жемди (мисалга эт) колуна кармап, өзүнүн бүркүтүн чакыра баштайт. Бул жерде бүркүттүн мүнүшкөрдүн колуна учуп келген убактысы бааланат. Ар бир катышуучуга жерде туруп же ат үстүндө отуруп бүркүтүн чакырууга уруксат берилет.

II. Далба

Далба ойнотуу — шумкардын азгырыкка учуусу.

Команданын курамы — 1 жетектөөчү жана 3 кушчу болуп 4 адамдан түзүлөт.

Бул мелдеште азгырыкка коё берилген шумкардын учуу ылдамдыгы бааланат. Ар бир кушчуга өзүнүн шумкарын сынаганга 3 мүнөт берилет. Ушул убакыттын ичинде куш өйдө учуп, кушчу жиптеги азгырыкты тегеретип кармап турганда, азгырыкка кол салганды имитация кылышы керек. Азгырык кекиликтин, кыргоолдун жана көгүчкөндүн куйругунан жана канаттарынын жүнүнөн даярдалат. Эрежеге ылайык, калыстар шумкар азгырыкка канча жолу учуп келип кол салганы белгиленет. Жеңүүчү упайлардын негизинде аныкталат.

"Далба ойнотуу" боюнча мелдеште катышуучуларга талаптар:

— Ар бир кушчу өзүнүн улуттук кийиминде чыгышы керек;

— Ээсинде куштардын паспорту жана куштарга вакцинация жасалгандыгы тууралуу эл аралык сертификаты жана СИТЕС Эл аралык ветеринардык уюмунан маалымдамасы болушу шарт.

III. Тайган жарыш

Тайган жарыш — асыл тукумдуу күлүк иттердин жарышы.

Команданын курамы бир жетектөөчү жана үч тайгандын ээси болуп төрт адамдан турат.

Тайгандын тездиги 350 метр алыстыктан чуркаган ылдамдыгынан аныкталат. Тайгандар ат менен саатына 60-65 чакырым ылдамдыкта сүйрөтүлгөн түлкүнүн же коёндун терисинен жасалган муляждын артынан чуркашат. Калыстар марага биринчи келген тайганды убактысы менен аныктайт. Ар бир асыл тукумдуу тайгандарды өз-өзүнчө жарыштырат.

Тайгандардын күлүктүгүн аныктаган бул мелдеш алдын ала өткөрүлүүчү, жарым финалдык жана финалдык жарыш болуп бөлүнөт. Эгерде жарыш убагында иттер бири-бирине тоскоол болсо же тиштешсе, анда ошол ит оюндан чыгарылат, ал эми тоскоол болгон итке кайрадан жарышка катышууга уруксат берилет.

Мелдештин бул түрүндө эң тез чуркаган асыл тукумдуу тайгандын убактысы белгиленет. Байгелүү орунду бардык жарыштарда эң жакшы көрсөткүчтү көрсөткөн бир асыл тукумдуу ит же бир эле өлкөнүн тайгандары алат.

"Тайган жарыш" боюнча мелдеште катышуучуларга талаптар:

— Ар бир катышуучу өзүнүн улуттук кийиминде чыгышы керек;

— Ар бир катышуучуда тайгандын паспорту жана вакцинация жасалгандыгы тууралуу эл аралык сертификаты болушу шарт.

Аңчылык өнөр кыргыз элинде мал чарбачылыктан кийинки орунда туруп, жан багуу үчүн дагы кесип катары каралган. Бирок тоо-ташта, өйдө-ылдыйда, салбуурунга чыгуу өзүнчө бир дене тарбия болуп эсептелинет. Ошондуктан кыргыздар ууга чыгуу менен бирге жоокердик машыгууларды да өткөрүп турган. Илгертеден эл оозунда бир мерген ачарчылык болгондо бир айылды бакканы, ошондой эле алгыр бүркүт, кыраан тайган кызмат көрсөткөндүгү айтылат.

Тогуз коргоол — кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тарыхы 2400 жылдан ашат. Хандардын акылын калчаган тогуз коргоолдун эрежеси
Алмазбек Акунов 2011-жылы Салбуурун федерациясын негиздеген. Учурда ал федерациянын курамында 150 киши бар.

Бүгүнкү күндө кыргыздын салбууруну Англия, Франция, Сауд Аравия, Дубай, Катар, Голландия, Бутан, АКШ, Монголия, Казакстан мамлекеттеринде өткөрүлгөн эл аралык фестивалдарга катышып дүйнөгө таануулуда. Мындан сырткары, "Бүткүл дүйнөлүк мүнүшкөрлөрдүн ассоциациясына" мүчө болуп кирип, анын форумун 2017-жылы Ысык-Көлдө өткөн.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү бекитилип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилди. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Ал эми тарыхы 2400 жылдан ашып өтүп, хандардын акылын калчаган тогуз коргоол тууралу билесизби? Оюндун эрежесин сунуштайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0