Сүйүнчү! Кыргызстандык эки балбан дүйнөдөгү күчтүү спортчулардын сап башында

© пресс-служба ГАМФКиСЧемпионата Азии по спортивной борьбе в Бишкеке
Чемпионата Азии по спортивной борьбе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте өткөн Азия биринчилигинен кийин ата-мекендик спортчулар рейтингде өз орундарын жакшырта алган

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бириккен күрөш уюму Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча дүйнөнүн күчтүү балбандарынын рейтингин жарыялады.

Февраль айынын жыйынтыгы менен чыккан рейтингде өз салмак категориясы боюнча кыргызстандык Каныбек Жолчубеков менен Урмат Аматов биринчи орунга чыкты. Азия биринчилигинде Аматов 63 килограмм салмакка чейинкилер арасында күмүш тагынса, Жолчубеков 60 килограммга чейинкилер арасында коло медаль уткан.

 

 

Ал эми Азия чемпиону болгон Акжол Махмудов рейтингде экинчи орунду алып, анын финалдык беттештеги каршылашы казакстандык Демеу Жадраев биринчи орунга татыды.

Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым
Андан сырткары, бул тизмеге чемпионатта күмүш медаль тагынган Атабек Азисбеков (82 килограммга чейин) дагы кирген. Күмүш уткан Жоламан Шаршенбеков үчүнчү жана оор салмактагылар арасында коло уткан Узур Жусупбеков төртүнчү орунга чыккан.

Ал эми эркин күрөш боюнча кыргызстандык Муслим Евлоев 74 салмактыгылар арасында үчүнчү орунга татыды.

Рейтингде Казакстан менен Ирандын көпчүлүк спортчулары өз салмактары боюнча биринчиликке чыккан. Ал өлкөлөрдүн төрттөн балбаны биринчи орунга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0