Азия чемпионаты: грек-рим күрөшүнүн балбандары жалпысынан 8 медаль алды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында грек-рим боюнча мелдеш аяктады. Анда курама команда сегиз медаль алды. Алар бир алтын, үч күмүш жана төрт коло.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 97 килограмм салмакка чейин күч сынашкан Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынды. Ошентип Кыргызстандын грек-рим стили боюнча балбандары жалпысынан сегиз медалга ээ болду. 

Балбан Махмудов казак атаандашын көтөрүп чаап жеңгенде... Беттештин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Балбан Махмудов казак атаандашын көтөрүп чаап жеңгенде... Беттештин видеосу
Жусупбеков болжолдуу беттеште тажикстандык Мирзоамин Сафаровду жеңип, чейрек финалда тажик балбаны Рустам Ассакаловго утулуп калган. Бирок коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алды. 

Чечүүчү кармашта кореялык балбан Хакбон Гуну 6:4 эсеби менен утуп, коло байгеге ээ болду.

Бүгүн күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында грек-рим түрү боюнча мелдеш аяктады. 

Байге алган спортчулардын тизмеси:

Акжол Махмудов (72 кг.) — алтын;

Урмат Аматов (63 кг.), Жоламан Шаршенбеков (55 кг.) жана Атабек Азисбеков (82 кг.) — күмүш;

Азат Бейшебеков (87 кг.), Мурат Рамонов (130 кг.), Каныбек Жолчубеков (60 кг.) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг.) — коло;

Эртең, 1-мартта, кыз-келиндер арасындагы күрөш башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0