БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азия чемпионатын ливандык атаандаштары менен беттешүүдө 2:2 эсеби менен тең чыкты.
Тайбэйде (Кытай) 1-февраль күнү башталган биринчилик 11-февралга чейин уланат. Буга чейин командалар чучукулак кармап, натыйжада кыргызстандык команда Ливан, Иордания жана Таиланддын командасы менен D тайпасына туш болгон.
Оюндун биринчи таймы кыргызстандыктардын пайдасына 1:0 эсеби менен аяктаган. Экинчи таймдын башында ливандыктар эсепти теңдеп, андан соң алдыга чыгып кетишкен. Бирок соңунда КР командасы акыркы гол киргизип, эсепти 2:2ге жеткирген.
Кыргызстандыктардын кийинки атаандашы — Иорданиянын курама командасы. Беттеш 4-февралда өтөт.