Кыргызстан футзал боюнча Азия чемпионатынын алгачкы оюнун тең эсеп менен аяктады

© пресс-служба ФФКРЧемпионат азии по футзалу
Чемпионат азии по футзалу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи таймда үстөмдүк кылып жаткан кыргызстандык команда оюн аягында алдырып жиберди

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азия чемпионатын ливандык атаандаштары менен беттешүүдө 2:2 эсеби менен тең чыкты.

Чемпион мира по боевому самбо Раимкул Бекназар уулу - Sputnik Кыргызстан
"Тиш жасайсыңбы?" деп таң калгандар көп. Самбо боюнча дүйнө чемпиону менен маек
Тайбэйде (Кытай) 1-февраль күнү башталган биринчилик 11-февралга чейин уланат. Буга чейин командалар чучукулак кармап, натыйжада кыргызстандык команда Ливан, Иордания жана Таиланддын командасы менен D тайпасына туш болгон.

Оюндун биринчи таймы кыргызстандыктардын пайдасына 1:0 эсеби менен аяктаган. Экинчи таймдын башында ливандыктар эсепти теңдеп, андан соң алдыга чыгып кетишкен. Бирок соңунда КР командасы акыркы гол киргизип, эсепти 2:2ге жеткирген.

Кыргызстандыктардын кийинки атаандашы — Иорданиянын курама командасы. Беттеш 4-февралда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0