Дүйнө чемпиону "Алгыр": балалыгым "Дордойдо" соода менен өттү

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу
Кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу 22-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк Кулатуу эр таймаш федерациясынын WEF GLOBAL 10 турниринде дүйнө чемпиону аталды.

"Алгыр" каймана аты менен таанымал Актилек Жумабек уулунун спорттук жетишкендиктери ого эле көп. Башкача айтканда, тажрыйбалуу спортчу.

Эрежесиз уруштун чебери Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду.

— Актилек, жеңишиңиз кут болсун! Сиз ойлогон, максат кылган эле жыйынтыкка жеттиңизби?

— Рахмат, чемпиондук курумду коргоо үчүн турнирге бир ай мурда даярдана баштагам. Мен үчүн беттештин жүрүшү эмес, ага чейинки салмак түшүрүү маселеси оор болду. 93 килограммга чейин толуп кеткем, 17 килограмм таштоого туура келди. Салмакка түшүү аземинде атаандашым Магомедрасул Магомаев "77 килограммга түш, болбосо беттешпейм" деп туруп алды. Анын айынан турнирге чейинки маалымат жыйынга да катыша албай калдым. Ар бир спортчунун көксөгөнү жеңиш, бирок буйрук кудайдан экен. Намыска жарап, кыргыз элиме жеңиш тартуулаганым үчүн кубанып жатам.

— Биринчи раундда эле атаандашыңызды жыгып, андан соң октагондун түбүнө бут менен сүйрөп барып техникалык нокаут менен утуп алдыңыз. Беттештен кийин интернет колдонуучулар "Актилектин атаандашы алы жогураак окшойт" деген билдирүүлөрдү калтырганын окуп калдым…

— Мен атаандаш тандабайм. Спортту түшүнгөн да, түшүнбөгөн да адам бар. Сегиз бурчтукка оңой адам чыкпайт. Анын үстүнө дагестандыктар спорткө өтө жакын калк. Бирок атаандашым күрөш жагынан начар экен. Талуу жеринен алдым десем болот.

— Буга чейин деле салмак түшүрүү жагынан кыйналып келем деп айтып келгенсиз. Адам салмак кууйм дегени менен жаш өткөн сайын сөөк өзүнөн-өзү кеңейип, эт чоюлат дейт.

— Ошондой болуп калат экен. Убакыт өткөн сайын салмагыңды бир калыпта кармап туруу кыйын. Билбейм, эмнегедир жаш өткөн сайын көп кыймылдабай калат экенсиң. Үй-бүлө кургандан кийин дагы спортко көп көңүл бурулбай калат экен. Анан салмак кошула берет деп ойлойм.

— Ата-энеңиз, жубайыңыз беттештерге барып, сизди колдоп турушабы?

— Мен башка спорттун түрлөрү менен алектенип жүрүп эрежесиз урушту тандаганда үйдөгүлөр "катуу сокку жесең майып болуп каласың" деп каршы чыгып жүрүштү. Азыр колдошот. Атам беттештеримди калтырбай көрүп кетет. Бирок жубайым барбайт. Кыз-жигит болуп жүргөндө эле "кыздар андай жактарга барбайт" деп көндүргөм. Өзү деле беттеш көргөндөн коркот.

© Sputnik / Эмиль СадыровМушкер: Айылда жүргөндө спортко аябай кызыкчумун. 8-класстагы кезимде атамдын иниси борборго алып келип, спорт мектепке киргизди. Ал жактан эркин күрөш менен машыгып, 62 килограмм салмакта күч сынашып жүрдүм
Боец смешанных единоборств Актилек Жумабек уулу - Sputnik Кыргызстан
Мушкер: Айылда жүргөндө спортко аябай кызыкчумун. 8-класстагы кезимде атамдын иниси борборго алып келип, спорт мектепке киргизди. Ал жактан эркин күрөш менен машыгып, 62 килограмм салмакта күч сынашып жүрдүм

— Кантип тажрыйбалуу спортчуга айландыңыз?

— Айылда жүргөндө спортко аябай кызыкчумун. 8-класстагы кезимде атамдын иниси борборго алып келип, спорт мектепке киргизди. Ал жактан эркин күрөш менен машыгып, 62 килограмм салмакта күч сынашып жүрдүм. Эмнегедир күрөштөн жакшы жыйынтык бере алган жокмун. 2008-жылы машыктыруучу Эмил Токтогонов агайдын колуна келип, эрежесиз уруш дүйнөсүн тааныдым. Биздики аралаш мушташ болгондуктан спорттун бир нече түрү менен машыктык. Эрежесиз уруш боюнча Кыргызстандын, КМШнын, Евразиянын чемпионумун. NAGA грэпплинг боюнча дүйнө чемпионумун. Тай боксу боюнча эл аралык класстагы спорт чеберимин. Андан сырткары, көп эле аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгом. Мурда спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdogg порталы жок эле. Эми эле билип, ар бир профессионалдуу беттешибизди калтырбай жүктөп калдык.

— Сиз бир кездери Казакстандын "Alash Praid" клубунда күч сынашып жүрдүңүз. Ал жак менен иштешүүдөн баш тартышыңызга эмне себеп болду?

Кыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Жээнбеков: атаандаш таппай кыйналып келем
— Мени Казакстан убагында жакшы эле карады. Кадимкидей айлык алчубуз. Биз утулуп калганда деле акча төлөп беришчү. Эки жылдан ашык иштештим. Ортодо "Актилек казактарга сатылып кетти" деген сөздөр чыкты. Кыргызстанга келген сайын ар кандай сөз угасың. "Alash Praid" клубунундагылар Таиландга машыгуу үчүн билет сатып беришти. Кайра келип Кытайдагы беттешке чыкмакмын. Ошондо Кыргызстанда жүргөм, телефонумду өчүрүп салып, алардан баш тартмай болдум. Ар кандай билдирүүлөр келип жатты. Улам каттарды окуп, телефонду өчүрүп коем. Чындыгында мен алардан баш тарттым, алар мени кетиргиси келчү эмес.

— Спортчу болуу оорбу?

— Спортто жыйынтык берүү кыйын. Мээнет, эмгек керек. Жеңиш кан менен тер аралашканда гана келет. Биринчиден ден-соолугуң кетет. Машыгууда жүрүп, жумуш, үй-бүлө дегендер унутулат. 

— Анан кантип "Алгыр" аталып калгансыз?

— Башында агайым Эмил Токтогонов "чаян" деп койгон. Көп жактырган эмесмин. Анан Эмил агай сен көздөгөнүңдү дайым аласың, мындан кийин "Алгыр" бол деди. Ошентип 2010-жылдан бери "Алгыр" болуп калдым. Каймана атым өзүмө жагат, дем-күч берет.

— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?

— Спорттук залым бар, балдарды тарбиялайм.

— Жеке жашоо, үй-бүлөңүз тууралуу дагы айта кетсеңиз?

Боец ММА Самат Эмилбеков - Sputnik Кыргызстан
"Азия жолборсу" Эмилбеков: атаандашты боорго тээп сулаттым, мен аео дегенди билбейм!
— Ата-энем Өзгөн районунда турушат. Беш бир туугандын улуусумун. Үй-бүлөдө төрт уул, бир кыз. Карындашым турмуш жолунда, эки иним студент, бирөө мектеп окуучусу. Үйлөнгөнүмө үч жыл болуп калды. Кызым бир жашта, аты Курманжан.

— Кийинки беттеш качан болот?

— 14-декабрда Украинада рейтингдик беттешке чыгам. Күйөрмандарым "эмнеге сыртка чыкпайсыңар" деп айтып калат. Себеби менин башка беделдүү спорттук уюмдарда тааныштарым жок. Ал үчүн үй-бүлө, оокат, жумуш дегендин баарын жыйыштырып оюңдун баары спортто болушу керек. Бизде эрки күчтүү балдар көп. Колдоо жок деп айтсам болот. Жыйынтык бериш үчүн ичкен тамагың, жеген витаминиң күчтүү болушу керек. Биз күндүзү иштеп, кечкисин бутту араң сүйрөп залга барып, эки сааттай машыгабыз да уктайбыз.

© Sputnik / Эмиль СадыровАктилек Жумабек уулу: Мушташмайынча тура албайсың. Беттешпей калсаң, рингди кадимкидей сагынасың
Боец смешанных единоборств Актилек Жумабек уулу - Sputnik Кыргызстан
Актилек Жумабек уулу: Мушташмайынча тура албайсың. Беттешпей калсаң, рингди кадимкидей сагынасың

— Спортто дагы канча убакыт болосуз?

— Кудайым буюрса дагы үч-төрт жыл беттеш жыйынтык көрсөтүп, анан сыйыбыз менен эле машыктыруучулукка кетсемби дейм. ММА боюнча "Алгыр" деген зал ачкам. Окуучуларымдын алды ийгилик жаратып жатышат. Жалпы жаштар, анан чоңдорду кошкондо 60тан ашык бала бар. Кара күчкө гана басым жасабастан ыйман жагынан да тарбия беребиз.

— Балдар залга келгенде эле дароо келечегин байкап койсоңуз керек?

— Эки-үч жолу кыймыл-аракет жасагандан кийин эле баланыкы билинип калат. Залды "Дордой" базары жактан ачкам. Ал жакта жашоого бышык, чыгаан балдар бар экенин жакшы билем. Ошол аймактын балдарын өстүрөйүн деп чечтим.

— "Дордойдун" балдары тууралуу айтып калдыңыз. Алардын бышыктыгын кайдан билесиз?

Чемпионка КР по рукопашному бою Бегимжан Касымова - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Бегимжан: жигиттер спортчу экенимди билгенде "житип" кетет
— Анткени өзүм "Дордойдо" чоңоюп калгам. Туугандарыбыз ошол жактан үй алып, соода кылышчу. Мен дагы базарга чыгып спорттук кийимдерди дүңүнөн сатчумун. Ата-энебизге күч келтирбейли деп эрте иштедик. Балалыгым мээнет, эмгек менен өттү десем болот. "Дордойдо" баш-аягы жети жыл жашагам. Азыр башка жакта жашасам да, базар жакка барып турам.

— Спорт үчүн бир нерседен баш тартууга туура келди беле?

— Спорттун аркасы менен эл-жер көрдүм, дос-тааныш күттүм. Арманым жок. Спортчу болуш үчүн кара жанды карч уруш керек. Мурда буттарым көп сынган. Күр бүркөлгөндө какшап ооруйт. Кээде "эмнеге өзүмдү эрежесиз урушка арнадым экен" дейм. Анан дарыланып чыккандан кийин баары унутулуп калат. Бул бизге кумар болуп калган. Мушташмайынча тура албайсың. Беттешпей калсаң, рингди кадимкидей сагынасың. Кулактарым күрөштөн эмес, дал ушул аралаш мушташтан сынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0