Мушкер Бегимжан Касымова эл аралык турнирде күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкер Бегимжан Касымова. Архив
Кыргызстандык мушкер Бегимжан Касымова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчунун атаандагы америкалык Дестани Йарброу экендиги аныкталды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мушкер Бегимжан Касымова 23-декабрда Кореянын борбору Сеул шаарында аралаш мушташ боюнча эл аралык турнирде күч сынашат. Бул тууралуу маалыматты спортчу өзү тастыктады.

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?
Беттешти Кореялык "Road FC" спорттук уюму уюштуруп жаткандыгын айтып, атаандашы америкалык мушкер Дестани Йарброу экендигин билдирди.

Касымова эл аралык WEF Proffight 43 турнирин жеңүүчүсү, бокс боюнча КРдин эки жолку, эрежесиз уруш жана кол таймашы боюнча үч жолку чемпиону. Аталган спорттун түрлөрү боюнча спорт чебери.

Машыктыруучулары — ММА боюнча Эмил Токтогонов, бокс боюнча Мирбек Шамуратов.

Бегимжан Касымова менен кенен маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0