Күрөш: Акжол менен америкалык мушкердин кармашуусу интернетке тарады

© Фото / Facebook / United World WrestlingКыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен америкалык Камал Амир Бэюм
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен америкалык Камал Амир Бэюм - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Акжол Махмудов күрөш боюнча улан-кыздар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль тагынды

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен америкалык Камал Амир Бэюмдин финалдык беттештеги кармашуусу интернетке таркады

Махмудов улан-кыздар арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Бэюга 11:16 эсебинде жеңилип күмүш медаль тагынды

Ал финалга чыкканга чейин, Норвегия, Индия, Иран жана Түркиядан келген каршылаштарын жеңип алган.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат 1-августтан бери Финляндияда өтүп жатат. Ал 6-августта аяктайт. 

Буга чейин аталган чемпионатта кыргызстандык Айпери Медет кызы алтын медаль тагынса, Акбар Кенжебек уулу менен Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0