БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен америкалык Камал Амир Бэюмдин финалдык беттештеги кармашуусу интернетке таркады.
Махмудов улан-кыздар арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта Бэюга 11:16 эсебинде жеңилип күмүш медаль тагынды.
Ал финалга чыкканга чейин, Норвегия, Индия, Иран жана Түркиядан келген каршылаштарын жеңип алган.
Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат 1-августтан бери Финляндияда өтүп жатат. Ал 6-августта аяктайт.
Буга чейин аталган чемпионатта кыргызстандык Айпери Медет кызы алтын медаль тагынса, Акбар Кенжебек уулу менен Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болушкан.