Даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров жөнүндө 12 факты

© Sputnik / Р. Максимов / Медиабанкка өтүүVII летняя Спартакиада народов СССР
VII летняя Спартакиада народов СССР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Ысык-Көлдө СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Москва Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаровду эскерүүгө арналган эл аралык "Жибек жолунда" аттуу марафондук жарыштар башталды.

Бирок бул жарышка быйыл негедир даңазалуу жөө күлүктүн жубайы, уул-кыздары чакырылган жок. Дулдул Сатымкул агай тууралуу кызыктуу фактыларды спорттук баяндамачы Кабыл Макешов Sputnik Кыргызстандын окурмандары үчүн баяндайт.

1. Сатымкул Жуманузаров 1851-жылы 17-сентябрда Талас облусунун Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган. Ата-эненин жалгыз уулу болгон. Апасы жашында каза болуп, жетимчиликтин азабын тарткан. Мектепти бүткөндөн кийин окуусун Таластагы №6 кесиптик окуу жайда улантып, жыгач уста болуп чыккан. Жеңил атлетика менен 1968-жылдан баштап машыкканы айтылат. Биринчи устаты кыргыз күрөшү боюнча алгачкы СССР спорт чебери, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Анаркул Кибраев болгон.

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты
2. 1974-жылы 12-апрелде машыктыруучусуна айтпай, жашырынып Каракол шаарындагы педагогикалык институтта окуган Сүйүнбүбү Эшалиева аттуу кызга үйлөнгөн. Себеби бир жумадан кийин Бишкекте "Правда" гезитинин байгесине арналган союздук мелдеште чуркамак. Ал кызды 2-3 жолу киного киргизип, Караколдон Таласка чейин 300 рублге такси жалдап, ала качып барган. Экөө ынтымактуу жашап, беш балалуу болушкан. Учурда сегиз небереси бар. 14 жаштагы эгиз неберелери Мирайым менен Нурайым дагы жеңил атлетика ийримине катышып жүрүшөт.

3. Мелдештерде 42 чакырым 195 метр марафондук аралыкка чуркаса, машыгуу учурунда 80-90 чакырымга аргымактай эле чуркаган. Ал СССРдин чемпиондугунда 10 чакырым аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон.

1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII олимпиадада 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 11 минута 16 секундда чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын олимпиадалык жарышка катышуу тарыхында алгачкы болуп III орунду ээлеп, коло медаль тагынган. Орус жөө күлүгү Леонид Моисеевди сүрөөнгө алып, аны коштоп, терин аарчып, ага кылчактап көп убакытты кетирбегенде марага биринчи келип, алтын медаль тагынат эле дешет спорт адистери. Моисеевдин шайы кетип, жүрбөй калганда гана Сатымкул алдыга карай чуркаган. Ал 1977-1980-жылдары СССР чемпионаттарында күмүш медалдарды уткан. Япония, Германия, Греция, Финляндияда өткөрүлгөн марафондук Гран-при жарыштарда жеңиштерге жетишкен. 

© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүМосква Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаров
Марафонец Сетымкул Джуманазаров - Sputnik Кыргызстан
Москва Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаров

4. Жуманазаров 1976-жылы СССР спортунун чебери, 1979-жылы СССР спортунун эл аралык класстагы чебери, 1981-жылы СССР спортунун эмгек сиңирген чебери деген ардак наамдарга арзыган болсо да, эл айтып жүргөндөй "Волга" автоунаасын мамлекет бекер белекке бербей, кезексиз 15 миң 203 рублге сатып алган. Андан да 3 рубли жетпей калып, аны эртеси алып барып, анан автоунааны айдап кеткен.

5. Сатымкул агай комузду мыкты чертип, жамактатып төгүп да ырдаган талант эле. Элдик ырларды да мыкты аткарчу. Советтер Союзу ыдыраган учурда жумушсуз калып, "Волгасын" сатып, "Жигули" алып, намыстанбай эле таксист болуп, үй-бүлөсүн баккан. "Шашпай, жол эрежелерин бузбай айдачу", — деп эскерет байбичеси Сүйүнбүбү эже.

Греко-римская борьба. Чемпионат России. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Аттиң ай...даңазалуу балбан Раатбек Санатбаев тирүү болгондо 48 жашка чыкмак!
6. Сатымкул агай тоого чыкканды, жаратылышта жүргөндү жактырчу. Сууда дагы мыкты сүзүп, көлдө алыска чабак уруп, бир саатка чукул көлдө сүзүп жүрө берчи. Чуркаганда чарчоону билбеген, энергиясы ашып-ташып турчу эле дешет бирге машыккан курбулары.

7. СССР — Американын жолдоштук беттешүүлөрүндө 1000 метрге чуркоодо марага биринчи келген. Жуманазаровду спорт коомчулугу ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү деп атап, сый-урмат көрсөткөн. Спорттогу жетишкендиктери үчүн бир катар орден-медалдар менен сыйланган.

8. Жуманазаров көзү тирүүсүндө ага спорт жетекчилери көңүл бурбай, анын бай тажрыйбасын жаштарга жеткирүүгө шарт түзгөн эмес. Сатымкул агай каза болоруна чукул гана өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын алдында түзүлгөн жөө күлүктөр клубуна жетекчи болуп дайындалган. Көп жакшы максаттарды алдыга коюп, Тоң районундагы Кажы-Сайдагы спорт базасын эл аралык деңгээлге жеткирсем деген тилеги бар эле…

9. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Сатымкул Жуманазаров атындагы балдар жана жаштардын олимпиадалык резерв спорт мектеби бар.

Мастер спорта международного класса  по бильярду Дастан Лепшаков - Sputnik Кыргызстан
Дастан Лепшаков: ата-тегимди атым чыга баштаганда сураштырдым
10. Сатымкул агай чуроо учурунда көп күч-кубатын кетирип койгондуктан күчтүүлөп тамак-аш ичип турган. Айрыкча жумасына 2-3 ирет базарга өзү барып, жылкынын этинен алып келип, бешбармак жасатып жечү.

11. Сатымкулдын уулу Руслан Жуманазаров өзүн тартып, спорт ишмери болуп, Бишкек шаардык спорт комитетинде, Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштеген. Учурда Бишкек шаарындагы "Алга" спорттук коомунун төрагасы.

12. Сатымкул агай эгемендик алган алгачкы жылдары аны эч ким колдоого албай койгонун, мыкты деген ишкерлер айткан сунуштарына көңүл бурбай койгонун, бай тажрыйбасын жаштарга үйрөтүүгө шарт түзүлбөй калганын арман кылып айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0