Бишкекте жөө күлүктөрдүн мелдеши башталды

© AFP / JOHANNES EISELE / POOLЖеңил атлетчилер. Архив
Жеңил атлетчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 500дөн ашык жөө күлүктөр 100 метрден беш чакырымга чейинки түрдүү аралыкта жарышат.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Борбор калаада 500дөн ашык спортчунун катышуусунда жеңил атлетика боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мисс футбол - 2015 конкурсунун женүүчүсү Акеля Жумалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Футбол сулуусу" болгусу келгендердин саны тогуз. Кимге добуш бересиз
Маалыматка ылайык, 4-5-майда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жөө күлүктөрдүн жарышы өтүп, ага 14 жаштан жогорку курактагы окуучулар, студенттер жана спортчулар катышат.

Эки күнгө созулган мелдеште 500дөн ашык жөө күлүк ат салышып, 100 метрден беш чакырымга чейинки түрдүү аралыкка чуркашат. Спорттук иш-чара бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика күнүнө карата уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0