БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубу испандык "Барселона" менен жооптуу беттеште тең чыгып, эки оюндун жыйынтыгы менен Чемпиондор лигасынын жарым финалына жолдомо алды.
Эки клубдун биринчи оюуну 3:0 эсебинде "Ювентустун" пайдасына чечилген эле. Ал эми бейшемби күнү болгон жооптук оюн 0:0 эсебинде аяктап, эки оюндун жыйынтыгы менен "Барса" жарым финалга өтпөй калды.
Ошентип быйылкы Чемпиондор Лигасынын жарым финалына "Реал", "Атлетико" жана Ювентус" менен "Монако" клубдары чыкты.
Эртең, 21-апрель күнү чучу кулак кармалып, командалардын атаандаштары аныкталат.