БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Абдурахманхаджи Муртазалиев бразилиялык жиу-житсу боюнча АКШда өткөн турнирде алтын тагынгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчунун байкеси Муртазали Муртазалиев билдирди.
Муртазалиев акыркы мүнөттөрдө муунтуучу ыкманы колдонуп, алтын медаль жеңип алды. Эки жума мурда Нью-Йоркто өткөн эл аралык турнирде дагы эки медаль менен Бириккен Араб Эмираттарында 14-16-апрелде өтө турган эл аралык турнирге жолдомо утуп алган.
Абдурахманхаджи Муртазалиев эл аралык класстагы спорттун чебери, дүйнөнүн эки жолку чемпиону жана Азия менен Европа чемпионатынын жеңүүчүсү.