Кыргызстандык ушучулар Москвада өткөн турнирде беш алтын медаль алышты

© Фото / пресс-служба национальной федерации ушу в КРТурнир "Московские звезды — 2017" в Москве
Турнир Московские звезды — 2017 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө атынан беш спортчу катышкан.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Салттык ушу боюнча Кыргызстандын курама командасы Москва шаарында өткөн эл аралык турнирде беш алтын медаль алганын спорттун аталган түрү боюнча федерациянын маалымат кызматы билдирди.

Международный турнир по джиу-джитсу в США - Sputnik Кыргызстан
Жиу-житсу: КР мушкери Америкадан алтын тагынып, дүйнө чемпионатына жолдомо алды
Турнир 17-22-февралда өтүп, ага 20 мамлекеттен келген 800дөй спортчу катышкан.

Кыргызстандын беш спортчусун федерациянын вице-президенти Наталья Нещерет жетектеп барган. Алар ушу таолу боюнча күч сынашкан.

Алтынга Жанболот Козубеков, Абдулмажид Абдурахманов, Адил Мусаев ээ болсо, федерациянын вице-президенти Наталья Нещерет эки алтын медаль алган. Ал эми Азирет Мусаев күмүш байгеге татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0