КРдин кыздар командасы көчө футбол боюнча чемпионатта финалга чыкты

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол оюнчусу. Архив
Футбол оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын кыздар курама командасы көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатында мыкты оюн көрсөтүп бара жатат. Биздин кыздар атаандаштарын биринин артынан экинчисин жеңүүдө.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыздардын футбол боюнча курама командасы Глазгодо (Шотландия) көчө футболу боюнча дүйнөлүк чемпионатта финалга чыкты. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин курама командасы ФИФАнын рейтингинде 7 сапка көтөрүлүп, 104-орунга чыкты
Кыргызстандык спортчу кыздар баштапкы он оюндун тогузунда мөрөйгө жетип, бирөөсүндө жеңилип калган.

Чейрек финалда кыргызстандыктар 9:2 эсебинде Индиянын курама командасын утту. Жарым финалда Шотландиялык атаандаштары менен беттешип, аларды 8:3 эсеби менен жеңип алды. Ал эми финалда кыргызстандыктар Мексиканын командасы менен беттешет. Буга чейин чемпионаттын биринчи этабында Чилиден 1:2 эсебинде утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0