https://sputnik.kg/20211130/sadyr-zhaparovdun-han-sarayy-satykka-koyuldu-1054803876.html
Садыр Жапаровдун мурдагы хан сарайы сатыкка коюлду. Баштапкы баасы
Садыр Жапаровдун мурдагы хан сарайы сатыкка коюлду. Баштапкы баасы
Sputnik Кыргызстан
Сатуудан түшкөн каражатка даяр батир сатып алынып, "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасы аркылуу ипотекага берилет. 30.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-30T12:02+0600
2021-11-30T12:02+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
садыр жапаров
турак-жай
сатуу
аукцион
мамлекеттик ипотекалык компания
https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054075212_0:0:2835:1595_1920x0_80_0_0_295cdb9b11b8e9874680c619ed29ba2b.jpg
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания президент Садыр Жапаров берген эки кабаттуу турак жайды ачык аукционго койду.Сатуудан түшкөн каражат даяр батир сатып алууга жумшалат. Андан соң ал үй "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасы аркылуу ипотекага берилмекчи.Жапаров 30-сентябрда мурда үй-бүлөсү менен жашаган эки кабаттуу үйүн кайтарымсыз негизде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүп берген. Президент бул үйдү 2005-жылы эле сатып алганын айтып, 2010-жылы башка жакка көчүп кеткендиктен турак жай ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келгенин белгилеген.Хан сарай Бишкектин Кудайбергенов, 81а дареги боюнча жайгашкан. Анын жалпы аянты 390,6 чарчы метрди түзөт, жер тилкесинин аянты 8,5 сотых.Баштапкы баасы 33 700 000 (отуз үч миллион жети жүз миң) сом же азыркы таптагы курс менен 400 миң долларга чукулдайт.Ачык аукцион 24-декбарда саат 11:00дө Бишкектин Токтогул көчөсү, 228 дарегинде өтөт. Соодалашууга катышуу үчүн 350 миң сом көлөмүндө кепилдик төлөмүн төгүү жана аукцион башталганга чейин арыз берүү шарт.Катышууну каалагандар үчүн табыштамалар 23-декбарь саат 17:00дө аяктайт.Кошумча маалымат алуу үчүн Турак жай фонду башкармалыгы жана сатып алуу бөлүмүнө кайрылуу сунушталат. Дареги: Бишкек, Токтогул көчөсү 228, телефон номери: (0700) 11-18-87.
https://sputnik.kg/20210910/menin-ujum-mamlekettik-ipotekanyn-sharttary-1053864098.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054075212_0:0:2363:1772_1920x0_80_0_0_3b52219870b46faa2c74ede046c160f8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, турак-жай, сатуу, аукцион, мамлекеттик ипотекалык компания
жаңылыктар, коом, кыргызстан, садыр жапаров, турак-жай, сатуу, аукцион, мамлекеттик ипотекалык компания
Садыр Жапаровдун мурдагы хан сарайы сатыкка коюлду. Баштапкы баасы
12:02 30.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Сатуудан түшкөн каражатка даяр батир сатып алынып, "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасы аркылуу ипотекага берилет.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания президент Садыр Жапаров берген эки кабаттуу турак жайды ачык аукционго койду.
Сатуудан түшкөн каражат даяр батир сатып алууга жумшалат. Андан соң ал үй "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасы аркылуу ипотекага берилмекчи.
Жапаров 30-сентябрда мурда үй-бүлөсү менен жашаган эки кабаттуу үйүн кайтарымсыз негизде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына
өткөрүп берген. Президент бул үйдү 2005-жылы эле сатып алганын айтып, 2010-жылы башка жакка көчүп кеткендиктен турак жай ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келгенин белгилеген.
Хан сарай Бишкектин Кудайбергенов, 81а дареги боюнча жайгашкан. Анын жалпы аянты 390,6 чарчы метрди түзөт, жер тилкесинин аянты 8,5 сотых.
Баштапкы баасы 33 700 000 (отуз үч миллион жети жүз миң) сом же азыркы таптагы курс менен 400 миң долларга чукулдайт.
Ачык аукцион 24-декбарда саат 11:00дө Бишкектин Токтогул көчөсү, 228 дарегинде өтөт. Соодалашууга катышуу үчүн 350 миң сом көлөмүндө кепилдик төлөмүн төгүү жана аукцион башталганга чейин арыз берүү шарт.
Катышууну каалагандар үчүн табыштамалар 23-декбарь саат 17:00дө аяктайт.
Кошумча маалымат алуу үчүн Турак жай фонду башкармалыгы жана сатып алуу бөлүмүнө кайрылуу сунушталат. Дареги: Бишкек, Токтогул көчөсү 228, телефон номери: (0700) 11-18-87.