Сабиров Равшан Азатович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековСабиров Равшан Азатович
Сабиров Равшан Азатович  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Равшан Сабиров 1970-жылы 18-февралда Ош облусунун Жаңы-Арык айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз улуттук университетинин бухгалтердик эсеп жана коммерция факультетин аяктаган. Ушул эле окуу жайда "бажы иши" адистиги боюнча окуган.
Эмгек жолу:
1986 — Кара-Суу районундагы "Кыргызстан" совхозунда жумушчу;
1988-1990 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1990 — "Кыргызстан" ААКсында жумушчу;
1996 — жеке ишкер;
2001-2010 — "Наар" ЖЧКсынын башкы директору;
2004-2010 — "Кербен" соода жана базар комплексинин директору;
2009 — КР Коомдук палатасынын мүчөсү;
2010-жылдын апрель айынан ноябрга чейин Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасынын орун басары;
2010-жылдын майында коомчулук менен байланыш боюнча Консультативдик кеңештин мүчөсү;
2010-20011 — Жогорку Кеңештин депутаты;
2011-2012 — социалдык өнүктүрүү министри;
2012-жылдын июлунда пара алууга шектелип кызматынан бошотулган. 2013-жылдын 7-мартында Бишкек шаардык соту Сабировду мүлкүн конфискациялоо менен беш жыл эркинен ажыраткан. 2014-жылы амнистия менен бошотулган;
2020-жылдын 14-октябрында вице-премьер болуп дайындалган.
2021-жылдын февралында президенттин кеңешчиси кызматына келген. Жогорку сот Сабировго карата чыккан бардык өкүмдү жокко чыгарган.
2021-жылдын октябрында парламенттик шайлоого катышуу үчүн президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган.
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты
Жаңылыктар түрмөгү
0