5-октябрда Бишкек менен Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчөт. Тизме

© Фото / Pexels / cottonbroОтключение света в Бишкеке
Отключение света в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Кээ бир жерлерде электр жарыгы эртеден кечке чейин жок болсо, айрым көчө, жаңы конуштарда түштөн кийин өчүрүлөт.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Эртең, 5-октябрда, Бишкек менен Чүй облусунун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, жумушчулар үйлөрдүн ичиндеги түйүндөрдү оңдоп, зым тартат.
Электр жарыгы өчө турган жерлер:
  • 9:00дөн 17:00гө чейин Токтоналиев көчөсүндөгү № 14 үйдө, Кудрук, Шорин, Манас, Баялинов, Исанов, Осипенко, Тюмень, Адышев, Московская, Туюк, Профессор Зима көчөлөрү, Волочаевский, Смоленский, Долон, Лагерь, Жети-Өгүз кууш жолдору;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин Ак-Босого жаңы конушу ( Чүй, 15, 16, 46, 47 көчөлөрү), Арча-Бешик жаңы конушу (Садыбакасов, Кара-Кужур, Шербет, Күйүкова, Жылга-Сай, Муромская көчөлөрү);
  • 9:30дан 14:00гө чейин Дорожная, Ибраимов, Элебаев, Абдрахманов, Күрөңкеев, Тыныстанов, Пархоменко, Салиева көчөлөрү жана Красноярский кууш жолу;
  • 9:30дан 17:00гө чейин 3-кичи райондогу № 21 үй, Курманалиев, Низова, Шайыр көчөлөрү;
  • 9:30дан 19:00гө чейин Бакай-Ата жаңы конушу (Эр-Табылга, Анар көчөлөрү), Алтын-Ордо жаңы конушу;
  • Мындан сырткары, Чүй облусунун бардык райондорунун айрым көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу жок болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0