https://sputnik.kg/20211001/marshrutka-aydoochu-ayyp-pul-salyndy-1054082675.html
Мэрия балалуу аялды албай кеткен айдоочу менен маршруттук фирмага айып салды
Мэрия балалуу аялды албай кеткен айдоочу менен маршруттук фирмага айып салды
Sputnik Кыргызстан
Мэрия коомдук транспорт айдагандарды жүргүнчүлөргө сылык болууга, жол эрежелерин сактоого, салонун таза кармоого чакырат. 01.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-01T13:12+0600
2021-10-01T13:12+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
транспорт
айдоочу
айып пул
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/01/1054081720_228:0:2535:1304_1920x0_80_0_0_450a745d0dd1f105188f7fb50ca8a50d.jpg
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык автотранспорт башкармалыгынын агенттиги балалуу аялды салбай кеткен маршрутканын айдоочусу менен ал иштеген фирмага айып салынды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэрия билдирди.Маалыматка ылайык, "Совет бригады" маршруттук фирмасынын жетекчисине 13 миң сом, ал эми айдоочуга 11,5 миң сом айып пул салуу протоколу толтурулган. Ошондой эле тараптар чакыртылып окуянын чоо-жайы териштирилгени белгиленет.Компаниянын жетекчилигине жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген.Мэрия коомдук транспорт айдагандарды жүргүнчүлөргө сылык болууга, жол эрежелерин сактоого, салонун таза кармоого чакырат. Бул талаптар аткарылбаса чара көрүүгө аргасыз болорун эскертти.Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринин айдоочусу коляскасы болгон үчүн балалуу аялды салбай жаткан видео тараган. Айдоочу ага коляска сала турган багажы бар маршруткага түшүүсүн айтып жатат. Ал эми аял эшикти улам тарткылап, түшүүгө аракет кылып жатканы тартылып калган.
https://sputnik.kg/20210928/bishkek-zhol-kire-kymbattady-1054050888.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/01/1054081720_460:0:2535:1304_1920x0_80_0_0_1ac7a4cf2451ea7e4d4336f29318bc44.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, транспорт, айдоочу, айып пул
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, транспорт, айдоочу, айып пул
Мэрия балалуу аялды албай кеткен айдоочу менен маршруттук фирмага айып салды
13:12 01.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мэрия коомдук транспорт айдагандарды жүргүнчүлөргө сылык болууга, жол эрежелерин сактоого, салонун таза кармоого чакырат.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык автотранспорт башкармалыгынын агенттиги балалуу аялды салбай кеткен маршрутканын айдоочусу менен ал иштеген фирмага айып салынды. Бул туурасында Бишкек шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, "Совет бригады" маршруттук фирмасынын жетекчисине 13 миң сом, ал эми айдоочуга 11,5 миң сом айып пул салуу протоколу толтурулган. Ошондой эле тараптар чакыртылып окуянын чоо-жайы териштирилгени белгиленет.
Компаниянын жетекчилигине жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген.
Мэрия коомдук транспорт айдагандарды жүргүнчүлөргө сылык болууга, жол эрежелерин сактоого, салонун таза кармоого чакырат. Бул талаптар аткарылбаса чара көрүүгө аргасыз болорун эскертти.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринин айдоочусу коляскасы болгон үчүн балалуу аялды
салбай жаткан видео тараган. Айдоочу ага коляска сала турган багажы бар маршруткага түшүүсүн айтып жатат. Ал эми аял эшикти улам тарткылап, түшүүгө аракет кылып жатканы тартылып калган.