Досуңдун атын жамынып акча сурайт. Милиция телефон шылуундары тууралуу эскертти

© Sputnik / Михаил ДудинТелефон жана акча. Архив
Телефон жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Облустук милиция аралыктан туруп алдагандардын кылтагына үч киши илинип, бул боюнча сотко чейинки өңдүрүш иштери башталганын билдирди.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Нарын облустук милициясы акыркы убакта интернет жана телефон аркылуу алдамчылыкка кабылгандар көбөйгөнүн айтып, сак болууга чакырды.

Ага ылайык, учурда облус аймагында алдамчылыктын мындай түрү менен үч кишиден арыз жана даттануу түшүп, сотко чейинки өңдүрүш иштери башталган.

"Нарын ОИИБ тургундарын жана конокторун этият болуп, интернеттеги шек жараткан шилтемелерди жайылтпоого жана белгисиз чалуулар менен билдирүүлөрдү текшерүүгө чакырат", — деп жазылган маалыматта.

Шылуундар адатта ишеничке кирүүнүн айла-амалын көрөрүн эскертишти.

Случаи мошенничества в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Каржы пирамидасынан канткенде оолак боло алабыз. Ысык-Көл ОИИБден 7 кеңеш
"Чалган адамга ар кандай утуштарга ээ болгонун кабарлап, байгени алуу үчүн акча которууну же банктык картанын номерин берүүнү суранат. Кээде жарандардын туугандарынын жана досторунун атын жамынып, оор абалга кабылганын айтып тез арада акча которуусун айтат", — деп жазылган билдирүүдө.

Нарын ОИИБ белгисиз номерлерден билдирүүлөр жана чалуулар түшсө 102 номерине байланышууну өтүндү. Ошондой эле мүмкүн болсо далилдерди сактап калуу керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0