Соода борбордо кызды калькулятор менен чапкан кишинин бөгөт чарасы тандалды

© AFP / MOHAMMED ABEDКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Факт алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Майда бейбаштык" беренеси менен каттоого алынып, кийин кайра "Бейбаштык" беренесине алмаштырылган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу кызды калькулятор менен башка чапкан 29 жаштагы А.А. аттуу жарандын бөгөт чарасы тандалды.

Октябрь райондук сотунан билдиришкендей, А.А. Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына бир айга киргизилди.

13-август күнү бул жаран шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган. Андан соң анын бөгөт чарасын Октябрь райондук соту карай турганы маалымдалган.

Мамлекеттик Думанын депутаты, ЛДПР фракциясынын жетекчиси Владимир Жириновский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Кыргызстандын Россиядагы элчиси ЛДПР лидери Жириновский менен жолукту
Эске салсак, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чапкан.

Аталган факт алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен каттоого алынган. Бирок кийин иш кайра 266-беренеге ("Бейбаштык") өзгөртүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0