00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов күн мурун 6-кабаттан кулап жабыркаган кыздан кабар алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, кыз учурда жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Бейтаптын баш мээси жабыркап, астыңкы жаагы сынып, оң колунун ийин сөөгү сынып, жылышып, өпкөсү жана ички органдары жабыркап, ошондой эле ооз көңдөйүнөн жаракаттарды алган. Министрдин катышуусунда профилдик адистердин, анын ичинде нейрохирургдардын, травматологдордун, жаак-бет жана көкүрөк хирургдарынын катышуусунда консилиум өткөрүлдү. Эске салсак, күн мурун Жал кичи районунда аял эки кызы менен 6-кабаттан кулаган.Алган жаракаттарынан улам эне жана анын бир кызы каза тапкан. Ал эми 2022-жылы туулган кызы Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Буга байланыштуу тергөө иштери башталып, өз жанын кыюуга жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут, ошондой эле Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт менен жолукту. Жолугушуу Эрлист Акунбековдун Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында орун алды. Анда тараптар айыл чарба тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу мамилелердин ырааттуу өсүп жаткандыгын белгилешти. Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калары белгиленди. Кыргыз тарап Россиянын рыногуна ата мекендик айыл чарба продукциясын, анын ичинде эт, сүт, кайра иштетилген тамак-аш, балык азыктарын экспорттоону мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди. 2025-жылдын декабрында кол коюлган Агроөнөр жай комплексинде кооперацияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга, ошондой эле Россиядан Кыргызстанга асыл тукум малды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө көңүл бурулду.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын Ормуз кысыгын ачып, Америка менен келишим түзүүгө эки күнү калганын жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады."Макулдашууга келип, Ормузду ачууга 10 күн бергеним эсиңиздердеби? Убакыт бүтүп баратат, тозок отуна түшөрүнө эки күн калды", — деген Трамп соцтармактагы баракчасынан. Буга Иран жооп кайтарды. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн "Хатам аль-Анбия" борбордук штабынын жетекчиси Али Абдоллахи IRIB мамлекеттик телерадиокомпаниясынан АКШ менен Израиль Ирандын инфраструктурасына сокку ура турган болсо "тозоктун дарбазасы ачыларын" билдирди. "Бир ирмем да ойлонуп отурбайбыз. Элибизди, жерибизди коргоо үчүн болгон күчүбүздү колдонуп, кол салгандын баарын ордуна коебуз. Согуш башталгандан тартып айткан-дегенибизди толук аткарып келе жатабыз. Эми тозоктун дарбазасы ачылат", — деди ал. Абдоллахи эгер АКШ менен Израиль кайрадан чабуул кое турган болсо, Иран эки өлкө пайдаланып жаткан инфраструктуранын кайсынысы болбосун, бутага аларын белгиледи. Эскерте кетсек, Вашингтон менен Тель-Авив Тегеранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Иран Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерий объектилерине сокку уруп, жооп кайтарууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0