Чүйдүн суу чарба башкармалыгынын жетекчиси алмашты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖумуш орун. Архив
Жумуш орун. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Буга чейин Сокулук райондук суу чарба башкармалыгын жетектеп турган Медер Чынарбеков эми облус боюнча башкармай болду.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду. Бул туурасында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев ал учурдагы кырдаалдан улам өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазганын белгиледи.
"Ишти жакшы алып кете албай кыйналып калды. Чүйдө суу бөлүштүрүү боюнча дагы нааразычылыктар көбөйүп кетти. Мындан улам Руслан Девяткулов өз ыктыяры менен арызын жазып кетүүнү чечти", — деди Сокеев.
Большой Чуйский канал  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Чүйдүн суу чарба жетекчилигине чара көрүлмөй болду. Жунушалиев канал кыдырды
Ал көп өтпөй эле Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын жетекчиси болуп Медер Чынарбеков дайындалганын белгиледи. Буга чейин ал Сокулук райондук суу чарба башкармалыгын жетектеп турган.
Быйыл Чүй облусунда суунун таңсыктыгы дыйкандарды чоң түйшүккө салууда. Алар тарыхта биринчи ирет ушундай кургакчылык болуп жатканын айтышат. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы буга чейин Чүй өрөөнүндөгү дарыялардын башына барып, суу жетпей жаткандыгынын себебин билип келген.
Кечээ, 29-июнда, дыйкандар суу тартыштыгына нааразычылыгын билдирип Бишкек — Ош унаа жолунун Москва районундагы тилкесин тосуп чыгышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0