Чын эле суу жокпу? Чүйдөгү дарыялардын башынан тартылган видео

Жазылуу
Чүй облусундагы суу тартыштыгы дыйкандарды убайымга салды. Алардын эгин талаалары куурап, бир жылдык түшүмдөн кол жууп калуу кооптуулугу бар. Бийлик өкүлдөрү тоолордо күн жылыбай, мөңгүлөрдүн эрибей жатканы көйгөйдүн бирден-бир себеби экенин айтууда.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Чүй облусуна пресс-тур уюштуруп, дарыяларды жана суу сактагычтарды көрсөтүп келди. Сары-Өзөндүн дыйкандары буга чейин бир нече ирет митингге чыгып өкмөттөн суу тартыштыгын чечүүнү талап кылышкан. Ошол эле учурда "сууну дарыянын башынан буруп Казакстанга сатып жатат" деген шектенүүсүн билдиришкен.
Пресс-тур учурунда журналисттерге Аламүдүн, Ала-Арча, Кегети, Ысык-Ата дарыялары жана андагы суу сактагычтардагы, бөлүштүрүүчү жайлардагы азыркы кырдаал тааныштырылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусундагы жумушчу сапары учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Марипов: эгер эртең суу дыйкандарга жетпесе аткаминерлерге катуу чара көрөбүз
Бардык жерде суу былтыркыга салыштырмалуу кеминде үч эсеге азайганы белгилүү болду.
Чүй жана Ысык-Ата райондорунун дыйкандары үмүт артып отурган Кегети дарыясындагы суунун көлөмү алты эсеге чейин түшүп кеткен.
Суу ресурстары агенттигинин Ысык-Ата райондук башкармалыгынын жетекчиси Эрлан Өмүралиев сууну башка жакка сатмак тургай өз айылдарына жеткирүү кыйын болуп жатканын айтат.
"Биз капчыгайдан агып чыккан дарыянын башында турабыз, ушул жерден эки районго бөлүнөт. Муну башка жакка буруп кете албайбыз, болгон суу ушул. Мындан 5000 гектарга жер сугарылчу. Норма боюнча суу секундасына 7 куб метр келиши керек, азыр 1 куб метр эле агып жатат", — деди Өмүралиев.
Ал эми Суу ресурстары агенттигинин Аламүдүн райондук башкармалыгынын жетекчиси Максатбек Бозов абанын температурасы 20 градуска көтөрүлсө гана мөңгүлөр эрип суу келерин билдирди.
"Эгер Аламүдүн дарыясынын суу топтоочу жерине жай мезгилинде секундасына 9 куб метр суу агып кирип турса, дыйкандарга кенен жетмек. Бирок азыр 2,4 куб метрге чейин түшүп кетти. Мурунку жумада жакшы эле келип жаткан, күн салкындагандан кийин мөңгүлөр эрибей суу кайра азая түштү. Эки күн мурда тоолорго кар жааптыр. Негизи эле быйыл суу тартыш, кышта тоолорго кар аз түшүп, жамгыр да жаабай жатат", — деди Бозов.
Башкы суу бөлүштүрүүчү жайдан Аламүдүндүн Байтик айыл өкмөтүнөн келген дыйкандарды дагы кезиктирдик. Алар суу аз болсо да ырааттуу бөлүштүрүүнү талап кылып келишкен. Кайырма айылынын тургуну Алмамбет Усупов 2,5 гектар жерге беде сээп, 1 гектарына малина, алма тиккен. Ал эгер 15 күнгө чейин ага суу берилбесе, бир жылдык мээнети текке кетерине тынчсызданууда.
Нарын дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө
Суу ресурстары агенттигинин директору Алмазбек Сокеев 1-июлдан кийин күн жылып, мөңгүлөр эрисе суу көбөйөт деп үмүт артууда. Тез арада талаптагы сууну табуу мүмкүн эмес. Ал эми жакында жер алдынан сууну соордуруп чыгаруу системасына киришерин жана кийинки жылы сууну үнөмдүү пайдалануу багытында бир нече долбоор ишке ашырыларын белгиледи.
Дыйкандар мындай суу тартыштыгы тарыхта биринчи ирет болгонун айтууда. Ал арада жем-чөптүн баасы былтыркыдан эки эсе жогорулады. Эгер азыр сугарылбаса, эгин куурап, жем-чөп дагы кымбаттайт деген божомол бар.
Сары-Өзөндөгү суу тартыштыгы жаралганына байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Суу ресурстары агенттигинин директору Алмазбек Сокеевге сөгүш берди. Журналистке берген маегинде эми ал агенттиктин Чүй облусундагы башкармалыгынын жетекчисине да сөгүш жарыялай турганын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0