Эмгек өргүүгө чыкчулар кайсы убакта эмделгени оң? Дарыгердин кеңеши

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүCOVID-19га каршы эмделип жатка аял. Архив
COVID-19га каршы эмделип жатка аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Адис иммунитет толугу менен вакцинанын экинчи дозасынан кийин бир нече убакытта пайда болорун, анын ортосунда оору жукпайт деген кепилдик жок экенин эскертти.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын тең эмгек өргүүгө чыкканга чейин алуу керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москванын саламаттык сактоо департаментинин адиси Андрей Тяжельников айтып берди.
"Эмгек өргүү алдын ала пландалат эмеспи. Вакцинаны эс алууга даярданып жаткан убакта алууну сунуштайм. Эмдөө натыйжасын бериши үчүн эки дозасын алып туруп анан иштен убактылуу кетиш керек", — деди Тяжельников.
Анын айтымында, иммунитет толугу менен вакцинанын экинчи дозасы сайылгандан бир нече убакыттан соң пайда болот. Эмдөөнүн эки баскычынын ортосундагы мезгилде оору жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Генетиканын да таасири бар. Эркектер коронавирусту эмнеге оор көтөрөрү айтылды
"Эпидемиологиялык абал курчуп турганда эмдөө албай эмгек өргүүгө чыгуу чоң тобокелдик. Вакцинанын экинчисин алгандан кийин дагы биринчиси сыяктуу бир-эки күн дене табы көтөрүлөт. Бул убакта, албетте, үйдө болгон жакшы. Жалпысынан эмдөөдөн толук өткөндөн кийин кадимки жашоо образына өтө берсе болот", — деген адис.
Дарыгер вирустан коргогон препаратты сайдыргандан кийин антителого тест тапшыруунун кажети жок экенин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0