23:21 01 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (309)
39330

Салтанат Өмүрдинова — чек ара жаңжалынан соң дароо Баткенге аттанган ыктыярчы медиктердин бири. Кабыл алган чечиминен бир ирмем да тайсалдаган эмес, анткени жашоодо "Колуңдан келсе көмөктөш" деген принципти тутунат.

Каарманыбыз Республикалык наркология борборунун өспүрүмдөр бөлүмүн жетектейт, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын психиатрия жана наркология кафедрасында ординатурада окуп, ал эми Республикалык психикалык саламаттык борборунда билимин бышыктайт.

Пандемия маалында Салтанат 118 линиясында жана "кызыл" зоналарда ыктыярчы болду. Баткендеги жаңжал туурасында укканда да четте карап тура алган эмес.

Заведующая подростковым отделением наркологии Республиканского центра наркологии Салтанат Омурдинова во время беседы в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Республикалык наркология борборунун өспүрүмдөр бөлүмүн жетекчиси Салтанат Өмүрдинова

— Эмнеге Баткенге барууну чечтиңиз?

— "Кызыл" зонада ыктыярчы болуп жүргөндө биздин саламаттык сактоо тутумубузда болуп жаткан нерселерди көрдүм. Ошондо жардам берүүгө шартым болсо, аны текке кетирбешим керек деп чечкем. Баткен жагдайында да ошондой эле болду.

Жаңжалдын чок ортосунда калган жай тургундарга катуу боорум ооруду. Кенедей балдардын өлүмү менен катар эле социалдык медиадагы баракчамда адамдардын эч нерсе болбогондой клубдарда эс алып, үйлөнүү үлпөттөрүнө катышып жүргөнүн чагылдырган посттор чыгып калып жатты. Коомдогу ошондой карама-каршылык мени ого бетер алсыратты. Тааныштарыма, активисттерге, коомдук ишмерлерге: "Врачтын маянасы менен жабыр тарткандарга көп деле көмөктөшө албайм, бирок менин билимим, ресурстарым, тажрыйбам бар", – деп жазып кирдим.

Саламаттык сактоо министрлигинен Баткенге ыктыярчылар керек деген кабар келгенде эч буйдалбастан ал жакка жөнөй турган болгом.

Заведующая подростковым отделением наркологии Республиканского центра наркологии Салтанат Омурдинова во время волонтерской работы в Баткене
© Фото / из личного архива Салтанат Омурдиновой
"Саламаттык сактоо министрлигинен Баткенге ыктыярчылар керек деген кабар келгенде эч буйдалбастан ал жакка жөнөй турган болуп калгам", — дейт Республикалык наркология борборунун өспүрүмдөр бөлүмүн жетекчиси Салтанат Өмүрдинова.

— Жаңжал болгон аймакка алгач барганыңызда эмнелерди көрдүңүз?

— Баткенди мурда да көргөм, 118 линиясындагы операторлорду окутууда баргам. Жаңжалдан Максат, Кулунду жана Арка айылдары катуу жабыркаганын, баары чек ара боюнда экенин түшүндүрүшкөн. Жаңжал аймагындагы абалды көрүп, үрөйүм учту.

Эгер Бишкекте сүйлөшүп жатканда тилибиз кургаса, ал жакта чаң-топурактан үн тез эле чыкпай калат экен. Айланабызда бүт өрттөлгөн үйлөр, дарыкана, дүкөн, май куюучу жайлар... Жамгыр менен дымып калган күйүктүн жыты. Жалын жалмаган үйлөрдү карасаң бет келгенине от коюшканбы деген ойдо каласың. Айрым адамдар көчөдө бастырмаларга баш калкалап уктап, кай бири тааныштарыныкында, кээ бирөөлөр чатырларда түнөп жатышты. Айрыкча Максат айылы катуу жабыркаптыр.

Жергиликтүү тургундардын бизге кайрылар чамасы болбоду, айылга гуманитардык жардам, азык-түлүк, кийим-кече келди. Алар бир аз жайгашып алууга тийиш эле. Арка айылына жөнөдүк, ал жакта эки күндөй болдук. Жашоочуларга дарыгерлер келгени айтылып, бирок кайсы адистер келгени кабарланбаптыр. Ошол саналуу күндө үч жүздөн ашуун кишини көрдүк. Райондун ар бурчунан аялдар, балдар келишти, эркектер азыраак кайрылды. 6-7 айлык боюнда бар жаш келин эсимде калды. Стресстин айынан кан кете баштаптыр.

Бизге эмес, облустук борборго барышы керектигин айтсам, "анте албайм, оокат кылышым керек. Үй-бүлөм, балдарым бар. Канды токтотуу үчүн эмне ичсем болот" дейт ал.

Андай учурда эмне кыла алабыз? Акушер эмеспиз, негизги гана кеңештерди бере алабыз. Жалпы курсту билсем да кайсы бир дарыны жазып берүүгө укугум жок...

Эмне болуп жатканын түшүнбөй, көз жаш төккөн ата-энелерин карап алып эле ыйлаган балдар. Адамдар бизге психологиялык жардам алуу үчүн эмес, жалпы оорулары менен кайрылып жатышты. Буга бейтапканалардын жетишсиздиги же адамдардын өз ден соолугуна көңүл бөлүүгө чамалары келбегени себеп болдубу, айта албайм. Баткенде аялдардын көпчүлүгүндө богок бар экенин байкадык, муну алардын мойнун карап эле билүүгө болот. Ушул көрүнүш мени аябай таң калтырды, себеби бул дарттын алдын алуу жеңил, богок менен эбак эле натыйжалуу күрөшүп келишет! Совет убагында эле өлкөдө йод менен алдын алуу боюнча бүтүндөй кампаниялар уюштурулчу...

Заведующая подростковым отделением наркологии Республиканского центра наркологии Салтанат Омурдинова во время волонтерской работы в Баткене
© Фото / из личного архива Салтанат Омурдиновой
Былтыркы пандемия маалында Өмүрдинова Салтанат "кызыл" зоналарда ыктыярчы болгон.

Аллергиясы күчөп, ыйлаакча болуп кеткен кыз да эсимде калыптыр. Өзүм аллергик болгондуктан, кайда барбайын антигистаминдик каражаттарга толгон кичинекей чемоданымды жанымда алып жүрөм. Секелек кыздын дарысы калбаптыр, анткени дарыкананы өрттөп салышкан... Ага дарыларымды бүт бердим. Өзүм го кайра сатып алууга мүмкүнчүлүгүм болот, ал эми кичинекей кыз дал ошол учурда дарыга зарылып турган.

Кээ бирөө кан басымды жөнгө салчу каражаттарды сурашты, айрымдар гинекологиялык көйгөйлөрүн айтышты. Эски МРТ тасмасын көтөрүп келип, кантип дарыланыш керектигин түшүндүрүп берүүнү өтүнгөндөр да болду. Албетте, кырдаалдан улам убайым тартып, санаага батып, түйшөлүп кайрылгандар да болду. Бир жолку сүйлөшүү менен мындайда көмөктөшө албайсың. Жабыр тарткандар өзүнө келип, көңүлдөрү жай алып калышы үчүн биринчи кезекте ошол стресстен дары-дармектин күчү менен арылтууга тийиш элек. Калганы, мисалы, скрининг (жалпы текшерүү) убакыт өткөндөн кийин гана мааниге ээ. Чек арага жакын айылдардын жашоочулары өнөкөт стресс менен жашашат. Кечээ аларда баары сонун болчу, бүгүн капыстан куралдуу жаңжал чыкты дешке болбойт. Алар мурдатан эле дайым чыңалууда күн кечирип келишет.

— Балдар менен иш алып баруу канчалык кыйын болду? Чоң кишилер эмне болгонун түшүнүп турса, балдар...

— Албетте, кичинекейлер менен иштөө оңой эмес, бул багытта бир күндө абалды жакшырта албайсың. Менимче, аларды чоңдордун өрттөлгөн үйлөрдүн жанында ызага муунуп, жакындарынан ажырагандардын күйүтүнө күндө күбө болбогудай башка жерге реабилитацияга жөнөтүү — эң туура чечим. Баштан өткөн окуяларды балдар үчүн түшүнүктүү формада айтып берген оң.

Максат кыштагында балдар үчүн батут орнотушканы эсимде. Балдар анда секирип жатышты, ал эми аркасында күйүп кеткен мектеп көрүнүп турат... Жалпысынан кызыктай эле көрүнүш. Албетте, балдарды алаксытуу абзел, бирок андай жол менен эмес.

Заведующая подростковым отделением наркологии Республиканского центра наркологии Салтанат Омурдинова во время волонтерской работы в Баткене
© Фото / из личного архива Салтанат Омурдиновой
Салтанат Өмүрдинова 118 линиясында да иштеген.

— Чек арадагы айылдарда врачтар татаал талаа шартында иштегени айкын, жайлуулукту унуткарууга аргасыз болушту. Ал жакка барганыңызга өкүнгөн жоксузбу?

— Жок. Балким, психологиялык коргонуу иштеп кеттиби, билбейм, бирок окуяны тажрыйба катары кабыл алып, болушунча адамдарга жардамдашууга гана басым жасоого аракет кылдым. Чатырда жашайбызбы? Ага да мейли, чатырда жашоо эмне экенин көрүп келем дегем өзүмө.

Мен элибизге суктанып бүтө албайм. Эсиңиздердеби, кыргызстандыктар былтыр июлда, октябрда бир муштумга айланган. Азыр да биргеликте кырдаалдан чыгууга аракет көрүштү. Эч ким эч кимди мажбурлаган жок, адамдар өздөрү акча, азык-түлүк топтошту. Жабыр тарткандарга чын дилден жардамдашты. Бул жакшы да, жаман дагы көрүнүш. Жакшысы — биздин ынтымагыбыз. Начар тарабы — кынык алып алышканы. Мамлекет эл өзү топтолуп, бири-бирине көмөктөшкөнчө күтүп отурбашы керек.

— Экинчи жагынан ыктыярчылардын арасында кийин да жардамдашууга сөз бергендер бардыр...

— Пандемиянын биринчи толкунунда ыктыярчылык кылгандардын көпчүлүгү кайра андайга барууга даяр эмес. Кеп алардын башкаларга жардам бергиси келбей калганында эмес, дүрбөлөң басаңдап калганда: "Мындай жасаш керек эле, ал эми сен тигиндей кылып салыпсың!" – деген сынтакмайлар башталганында. "Өзүңөр эмне отурдуңар эле ошондо?" – деп сурагың келет. Орундарынан козголуп өздөрү туура жасашпайт беле анда?..

Пандемия жаңыдан башталганда коронавирус таптакыр изилдене элек инфекция болчу. Медиктер бейтаптарды дал кайрылган жеринде, маалында сактап калууга жан үрөшкөн.

Акысыз иштедик, бирок бизге ийилип таазим этсин дебейбиз. Ыктыярчылар колдорунан келишинче көмөктөштү, анткен менен негедир айыптуу да болуп калды.

Заведующая подростковым отделением наркологии Республиканского центра наркологии Салтанат Омурдинова во время волонтерской работы в Баткене
© Фото / из личного архива Салтанат Омурдиновой
Республикалык наркология борборунун өспүрүмдөр бөлүмүн жетекчиси Салтанат Өмүрдинова: Былтыр пандемия маалында акысыз иштедик, ал үчүн бизге ийилип таазим этсин дебейбиз. Ыктыярчылар колунан келишинче көмөктөштү, анткен менен негедир айыптуу да болуп калды.

— Баткенден кайтканда өзүңүз кантип стресстен арылдыңыз?

— Дагы деле ошол абалдамын! "Өтүккө жарыбаган өтүкчү" деген биз. Былтыртан, жашообуз "кызыл" зоналардын ортосундагы тыныгууларда өтүп калган убактан тарта баары ичте топтолуп барат. Азыр жеке коргонуучу каражаттарды жана респираторду көргөнүмдө эле калтырак басат.

— Өлкөгө берилип кызмат кылып, ошол эле убакта чүнчүп-чөгүп кетпеш өтө кыйын. Кыргызстандан кесиптештериңиз жакшы айлык алган мамлекетке кетүү оюңузга келбейби?

— Күн сайын басат андай ой. Бул биполярдык абалга окшош, таңда баарына көмөктөшүүгө даяр болуп ойгоносуң, ал эми кечинде иштен кайтканыңда: "Жок, жо-ок!" – деп кайтасың.

Эгер бизге, жаштарга, мүмкүнчүлүк берилсе, өлкөбүзгө көмөктөшкөнгө ынтызармын. Бардык жакка жаштарды койгула дебейм, тажрыйба менен практиканы эч нерсеге алмаштыра албайт эмессиңби. Адамдарга өз өлкөсүн өйдөлөтүүгө мүмкүнчүлүк гана берүү зарыл.

Жөнөкөй кыргызстандыктар чоң күч экенибизди дагы бир жолу далилдешти. Эми бизди кайгы-капа, апааттар эмес, ак жарык бириктирсин!

Республикабыз кандай өнүгө аларын элестете аласызбы? Балким, өзүм самагандай Кыргызстанды мен көрбөй калат чыгармын, бирок менин балдарым жаңырган өлкөдө жашайт...

Заведующая подростковым отделением наркологии Республиканского центра наркологии Салтанат Омурдинова во время волонтерской работы в Баткене
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Салтанат Өмүрдинова: Эгер Ысык-Көлбү же Мальдив аралыбы дешсе, эч ойлонбостон жээгиндеги "чабак" балыктары, жүгөрүсү менен көлүбүздү тандайт элем. Ушул ойго жетеленип жүрүп жумушка барасың. Анан айдын аягында 5 миң сом маянаң колго тиет. Бул каражатты эптеп жеткирүүгө тийишсиң. Тамак-аш, кийим-кече сатып алып, жол кире, контракт акысын төлөшүң керек.

Кыргызстандын ар бир облусун кыдырып, өлкөбүздүн көз жоосун алган кооздугун көрдүм. Көз талдырган табият, климат, укмуштай потенциал! Жаман жолдо эски арабада баратасың, бирок тегерегиңде гектарлаган жер, баары гүлдөп, жыты аңкыйт, куштар сайрайт... Түшүп алып: "Менин өлкөм ушул! Кантип башкага алмаштырам?" – деп суроо саласың. Эгер Ысык-Көлбү же Мальдив аралыбы дешсе, эч ойлонбостон жээгиндеги "чабак" балыктары, жүгөрүсү менен көлүбүздү тандайт элем.

Ушул ойго жетеленип жүрүп жумушка барасың. Анан айдын аягында 5 миң сом маянаң колго тиет. Бул каражатты эптеп жеткирүүгө тийишсиң. Тамак-аш, кийим-кече сатып алып, жол кире, контракт акысын төлөшүң керек.

Биз болгону жан багууга тырышабыз. 27 жашка келип, ата-энеңдин колун караганың не деген шумдук?! Мындай куракта өзүм балалуу болуп калышым керек, бирок ага жол бере албайм. Ушундай убактарда жанагыдай эргүүңдөн из да калбайт... Бирок көп өтпөй ал кайрадан көөдөнүң толуп-ташып чыгат...

Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (309)

Тема боюнча

Барабан мектебин ачкан медик. Ишкер Аида Шалтакованын шыктандырчу маеги
Белгилер:
Баткен, Жаңжал, стресс, психолог, кагылышуу, жардам, абал, табият, ыктыярчылар, медик, Салтанат Өмүрдинова

ЭҢ МААНИЛҮҮ