Канадада компаниясы, Кумтөрдө акциясы бар. Теңиз Бөлтүрүк тууралуу 10 факты

© Sputnik / Эламан Карымшаков"Кумтөр голд компанинин" убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк. Архив
Кумтөр голд компанинин убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Кумтөрдү текшерген мамлекеттик комиссия Centerra Gold Inc. компаниясына доо коюп, "жапайычылык менен иштеген" деп сыпаттады. Мындан улам алтын кенди кыргыз өкмөтү убактылуу сырткы башкарууга алып, эки тизгин бир чылбырды Теңиз Бөлтүрүктүн колуна карматты.
Бөлтүрүк тоо-кен тармагында дасыккан адис, 1998-жылы Кумтөрдөн алтын казуу иштерин долбоорлоого катышкан. 23 жылдан бери чет өлкөдө жүрүп, былтыр октябрь окуяларынан кийин президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келип, кеңешчи болгон.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ири алтын кенин убактылуу башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүк тууралуу фактыларды сунуштайт.

Инженер, алты баланын атасы

Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу 56 жашта. Ысык-Көл районунун Түп районуна караштуу Түп айылында туулган. Үй-бүлөлүү, үч уул, үч кыздын атасы.
1982-жылы өз айылындагы Карл-Маркс орто мектебин артыкчылык менен бүтүп, СССРдин беделдүү жогорку окуу жайларынын бири Москва болот жана эритме институтуна (азыркы Улуттук технологиялык изилдөө университети) тапшырган. Ал жакта беш жыл окуп, "Түстүү металлдар кенин иштетүү" адистиги боюнча инженердин дипломун алган.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТеңиз Бөлтүрүк тоо-кен тармагында дасыккан адис, 1998-жылы Кумтөрдөн алтын казуу иштерин долбоорлоого катышкан. 23 жылдан бери чет өлкөдө жүрүп, былтыр октябрь окуяларынан кийин президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келип, кеңешчи болгон
Член совета директоров Centerra Gold Inc. Тенгиз Болтурук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Теңиз Бөлтүрүк тоо-кен тармагында дасыккан адис, 1998-жылы Кумтөрдөн алтын казуу иштерин долбоорлоого катышкан. 23 жылдан бери чет өлкөдө жүрүп, былтыр октябрь окуяларынан кийин президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келип, кеңешчи болгон

Ыраакы Чыгыштан Жалал-Абадга келген

Теңиз Бөлтүрүк жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин кесиби боюнча Ыраакы Чыгыштагы Россиянын Приморье крайында иштеген. 1990-жылы СССРдин Түстүү металлургия министрлигинин чечими менен Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан "Сары-Жаз" тоо-кен жана кайра иштетүүчү комбинатында жетекчилик кызматка которулган. Бирок Советтер Союзунун жоюлушу менен каражаттын тартыштыгынан улам ал долбоор токтоп калган.
Кийинчерээк Жалал-Абад облусундагы Макмал алтын комбинатында бир аз иштеп, кайра Хайдаркен сымап комбинатына чакырылган. Бир жыл байытуу фабрикасында башкы инженер, кийин төрт жыл байытуу фабрикасынын жана ачык карьердин начальниги болуп иштеген.

Кумтөр долбоорун ишке киргизүүгө катышкан

1996-жылы "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Дастан Сарыгуловдун чакыруусу менен Солтон-Сары кенинин башкы технологу болуп жумушка орношкон.
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Кумтөр — Centerra компаниясынын негизги активи. Себеби жана чоо-жайы
1997-жылы "Камеко Голд" компаниясынын вице-президенти Жон Казаков менен келишим түзүп "Кумтөргө" которулган. Ал жакта алтын ылгоочу комбинатты ишке ашырууга катышкан. Бирок ал комбинат 1998-жылга чейин гана иштеген. Бөлтүрүк буга чейин Жогорку Кеңеште өзүн тааныштырып жатып 1997-1998-жылдары Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүгө катышканын, бул долбоорду жетиштүү деңгээлде жакшы биле турганын айткан.

21-кылымдын кадры

1998-жылы президенттин "XXI кылымдын кадрлары" деп аталган программасы боюнча конкурсту утуп алып билимин тереңдетүү үчүн Германиянын Клаусталь техникалык университетинин аспирантура бөлүмүнө тапшырган. Германиянын академиялык алмашуулар кызматынан стипендия алып турган. Бул программа менен кеткен кадрлардын көпчүлүгү мекенге кайтып келген эмес. Бөлтүрүк да эмгек жолун ошол жактан уланткан.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров дал ушул долбоор менен окуп келген окумуштуу Талант Рыспаевди өзүнө кеңешчи кылып алган. Ал Клаусталь университетинин приват-доценти (Төмөнкү Саксония) жана техника илимдеринин доктору (Кыргызстан).
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевТеңиз Бөлтүрүк жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин кесиби боюнча Ыраакы Чыгыштагы Россиянын Приморье крайында иштеген
Представление внешнего управляющего коллективу рудника Кумтор - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Теңиз Бөлтүрүк жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин кесиби боюнча Ыраакы Чыгыштагы Россиянын Приморье крайында иштеген

13 мамлекетте ири долбоорлорду ишке ашырган

Бөлтүрүк соңку 23 жылдан бери чет өлкөдө жашап, иштеп жүргөн. Канаданын кесипкөй инженери лицензиясына ээлик кылат.
Тоо-кен өндүрүшү жаатындагы 34 жыл иштеп, бай тажрыйба топтогон. Бул аралыкта Канада, Россия, Казакстан, Монголия, Кытай, Иран, ТАР, Перу, Германия, АКШ, Австралия сыяктуу 13 мамлекетте 18 ири долбоорду жетектеген. Американын эки инженердик компаниясында долбоордун жетектөөчү менеджери болгон.

Канадада компаниясы, Кумтөрдө акциясы бар

Centerra Gold Inc. өндүргөн алтындын 26 пайызына ээлик кылган "Кыргыз алтын" ишканасындагы директорлор кеңешиндеги үч адамдын бири. Centerra компаниясында өзүнүн дагы акциясы бар.
Соңку 15 жылдан бери тоо-кен тармагындагы долбоорлор менен активдүү иштеп келет. Канадада Global Revival Inc. консалтинг компаниясын ачкан, Африка жана КМШ өлкөлөрүндө долбоорлорду түзүү менен алектенет.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаТеңиз Бөлтүрүк соңку 23 жылдан бери чет өлкөдө жашап, иштеп жүргөн. Канаданын кесипкөй инженери лицензиясына ээлик кылат. Тоо-кен өндүрүшү жаатындагы 34 жыл иштеп, бай тажрыйба топтогон
Член совета директоров Centerra Gold Inc. Тенгиз Болтурук - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Теңиз Бөлтүрүк соңку 23 жылдан бери чет өлкөдө жашап, иштеп жүргөн. Канаданын кесипкөй инженери лицензиясына ээлик кылат. Тоо-кен өндүрүшү жаатындагы 34 жыл иштеп, бай тажрыйба топтогон

Кыргызстандын да, Канаданын да жараны

Теңиз Бөлтүрүк 2002-жылы Канадага көчүп барган. Ал Канаданын жараны экени туурасында ар кандай кептер тарап, анын Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошунан шек санагандар болгон.
Жогорку Кеңештин жыйынында Бөлтүрүк кыргыз паспортун көрсөтүп "Мен өз мекеним болгон Кыргызстанды сүйөм. Ата-бабаларыбыз басып өткөн жерди өз үйүм деп эсептейм. Элибиз өзүбүздүн минералдык ресурстардан алынган пайданы калыс бөлүштүрүүгө укуктуу деп эсептейм", — деген.
Ошондой эле ал кош жарандуулугу ишине тоскоолдук жаратпай, тескерисинче, жардам бере турганын айтат.
Ууланган Кумтөр: депутаттарга алтын кен тууралуу тасма көрсөтүлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
"Ууланган Кумтөр": депутаттарга алтын кен тууралуу тасма көрсөтүлдү
"Мен Онтарио провинциясындагы "кесипкөй инженер" деген лицензиям бар. Мындай лицензия дипломдон да барктуу, баары эле ала албайт. Буга ЖОЖду бүткөндөрдүн 40 пайызы гана ээ болот. Мен ал укугумдан пайдаланып, Онтариодого Кесипкөй инженерлер уюмуна кайрылып, канадалык инженерлер Кумтөрдү иштетүүдө кесиптик этиканы бузганын, ким долбоорлоп, эл аралык стандарттарды эске албай жапайычылык менен алтын казганга уруксат бергенин айтып даттана алам. Ушундай жол менен Centerra компаниясынын инженерлерин лицензиясынан ажыратсак болот. Алар кайсы өлкөдө иштебесин кесиптик этикасына жыл сайын баа берилип турат", — деп түшүндүргөн Бөлтүрүк.

Буга чейин эки өкмөт башчы жардам сураган

"Көп жылдан бери кыргыз бийлигине кен казуу тармагындагы реформалардын планын сунуштап келгем. 2013-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге Centerra компаниясы менен жаңжалдуу кырдаалды кантип чечсе болорун сунуштап ачык кайрылуу жолдогом. Бирок ал катка көңүл бурган эмес", — деп айтып келет.
Кийин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бир жолу, Мухаммедкалый Абылгазиев үч ирет тоо-кен тармагын реформалоого жардам сурап чакырганын айтат. Мындан улам Кыргызстанга кайтып келип, атайын план иштеп чыккан. Бирок ал кагаз жүзүндө гана калып, бири да ишке ашпай калганы белгиленет.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевСадыр Жапаров октябрь окуясынан кийин Бөлтүрүктү чакырып, Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал жана Centerra менен маселени чечүү жолдорун сураган. Ошондой эле жаңы тоо-кен казуу жана гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүнү сунуштаган
Представление внешнего управляющего коллективу рудника Кумтор - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Садыр Жапаров октябрь окуясынан кийин Бөлтүрүктү чакырып, Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал жана Centerra менен маселени чечүү жолдорун сураган. Ошондой эле жаңы тоо-кен казуу жана гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүнү сунуштаган

Жапаров чакырып кеңешчи кылган

Садыр Жапаров октябрь окуясынан кийин Бөлтүрүктү чакырып, Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал жана Centerra менен маселени чечүү жолдорун сураган. Ошондой эле жаңы тоо-кен казуу жана гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүнү сунуштаган. Ошол эле учурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган. Президенттин чакыруусун кабыл алып, Кыргызстанда туруктуу жашоо үчүн көчүп келген.
Киши Дело № папкасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Centerra Теңиз Бөлтүрүккө Канадада кылмыш иши козголгонун маалымдады
2020-жылдын декабрында Кыргызстандын өкүлү катары Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болуп кирген. Бул компаниянын ишмердүүлүгүн жакындан таануу үчүн атайын жасалган кадам болгонун белгиледи.
Ошол учурда ага дипломатиялык паспорт берген. Депутат Улугбек Ормонов ал диппаспортту кантип алганына кызыкты. "Мен президенттин укугу менен алдым. Пандемия маалында Канадага, Казакстанга тынбай каттап жаттым. Андыктан мага дипломатиялык паспорт чек арадан тоскоолдуксуз өтүп туруу үчүн керек эле. Анткени Торонтого Түркия жана башка өлкөлөр аркылуу учуш керек болду", — деп жооп берген.

Канада кылмыш ишин козгоду

Теңиз Бөлтүрүк "Кумтөргө" сырттан башкаруучу болуп дайындалгандан кийин Канадада ага карата кылмыш иши козголду. Centerra аны Кумтөр кенин басып алуу жана жашыруун маалыматты ачыктоого айыптап жатат. Бөлтүрүк директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турганда кыргыз өкмөтү жана башка тараптар менен кенди басып алууну пландап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деген кине коюуда.
Өз кезегинде ал "Centerra менин атымды, кыргыз бийлигин, мамлекеттик комиссияны дискредитация кылуу аракетин көрүп жатат" деп сыпаттады.
Жаңылыктар түрмөгү
0